# КР ӨКМӨТҮНҮН 2017-жылдын 12-сентябрындагы N 554 "Кыргыз Республикасынын аймагында продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн "Халал" стандарттарына шайкештигин ыктыярдуу сертификациялоо, маркалоо системасын ишке ашыруу маселелери жөнүндө" ТОКТОМУ

- Толук аталышы: КР ӨКМӨТҮНҮН 2017-жылдын 12-сентябрындагы N 554 "Кыргыз Республикасынын аймагында продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн "Халал" стандарттарына шайкештигин ыктыярдуу сертификациялоо, маркалоо системасын ишке ашыруу маселелери жөнүндө" ТОКТОМУ
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 554
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.09.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158418>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21036/edition/1085126/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158418.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.09.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР ӨКМӨТҮНҮН 2017-жылдын 12-сентябрындагы N 554 "Кыргыз Республикасынын аймагында продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн "Халал" стандарттарына шайкештигин ыктыярдуу сертификациялоо, маркалоо системасын ишке ашыруу маселелери жөнүндө" ТОКТОМУ (12.09.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158418

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 12-сентябры № 554

"Кыргыз Республикасынын аймагында продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн "Халал" стандарттарына шайкештигин ыктыярдуу сертификациялоо, маркалоо системасын ишке ашыруу маселелери жөнүндө

"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20, 22 жана 23-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын аймагында продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн "Халал" стандарттарына шайкештигин ыктыярдуу сертификациялоо, маркалоо жол-жоболорун жүргүзүү жана аткаруу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борбору белгиленген тартипте кабыл алынган улуттук стандарттарга ылайык "Халал" продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрдү ыктыярдуу сертификациялоочу орган катары белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция эки айлык мөөнөттө өздөрүнүн жоболорун ушул токтомго ылайык келтиришсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 22-сентябрында № 104 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

С.Исаков
