# КР ӨКМӨТҮНҮН 2017-жылдын 7-июнундагы N 346 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын айрым маселелери жөнүндө" ТОКТОМУ

- Толук аталышы: КР ӨКМӨТҮНҮН 2017-жылдын 7-июнундагы N 346 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын айрым маселелери жөнүндө" ТОКТОМУ
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 346
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158416>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21034/edition/1096276/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158416.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР ӨКМӨТҮНҮН 2017-жылдын 7-июнундагы N 346 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын айрым маселелери жөнүндө" ТОКТОМУ (06.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158416

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 7-июну № 346

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын айрым маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ветеринардык диагностика жана экспертиза лабораторияларынын ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ветеринардык диагностика жана экспертиза республикалык борбору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Түштүк регион боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Түндүк регион боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна бөлүү аркылуу кайра уюштурулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Түштүк регион боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Түндүк регион боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ветеринардык диагностика жана экспертиза республикалык борборунун укук улантуучусу болуп эсептелээри белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башкаруу схемасында:

- "

Ветеринардык диагностиканын жана экспертизанын республикалык борбору

" деген позиция күчүн жоготту деп таанылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы позициялар менен толукталсын:

"

Түштүк регион боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору

Түндүк регион боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору

".

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция:

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;

- бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө Түштүк регион боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору жөнүндө жобону жана Түндүк регион боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору жөнүндө жобону белгиленген тартипте киргизсин;

- эки айлык мөөнөттө кайра уюштурулуп жаткан мекемелердин өткөрүп берүү актысын жана бөлүштүрүү балансын бекитсин;

- бекитилген каржылоо көлөмүнүн алкагында учурдагы жылга сметалык документтерге белгиленген тартипте өзгөртүү киргизсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 15-июнунда № 73 жарыяланды

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков
