# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 584 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 699 "Отчёттуулук формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 584 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 699 "Отчёттуулук формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 584
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158415>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21033/edition/1159025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158415.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 584 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 699 "Отчёттуулук формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (15.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158415

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2016-жылдын 15-ноябры № 584 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 699 "Отчёттуулук формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 319-беренесин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85 жана 86-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 699 "Отчёттуулук формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунун төртүнчү абзацы "сатуудан" деген сөздөн мурда "Субъекттин" деген сөз менен толукталсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чакан ишкердик субъекттин сатуудан алынуучу салык боюнча отчётунун формасы (FORM STI-129) ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Орто ишкердик субъекттин сатуудан алынуучу салык боюнча отчётунун формасы (FORM STI-130) ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Субъекттин сатуудан алынуучу салык боюнча (чакан жана орто ишкердик субъекттен тышкары) отчётунун формасы (FORM STI-131) ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Сатуудан алынуучу салык боюнча отчётту (FORM STI-129, FORM STI-130, FORM STI-131) толтуруу жана берүү тартибинде:

1) расмий тилдеги текстинин 2-главасынын аталышындагы ", некоммерческой организации" деген сөздөр алып салынсын;

2) 22-пунктунда:

- расмий тилдеги текстиндеги ", некоммерческой организации" жана "или некоммерческой организацией" деген сөздөр алып салынсын;

- экинчи-төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

3) расмий тилдеги текстинин 23-пунктундагы ", некоммерческой организацией" деген сөздөр алып салынсын;

4) 24-пунктунда:

- экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"А" бөлүмчөсү: "Б", "В" жана "Г" бөлүмчөлөрүндө каралбаган КНС салынуучу жана КНСтен бошотулган товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуу;";

- үчүнчү абзацтагы "А" бөлүмчөсүндө" деген сөз "А", "В" жана "Г" бөлүмчөлөрүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"- "Г" бөлүмчөсү: салык милдеттенмеси салыктык контрактын негизинде аткарылуучу товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуу.";

5) 25-пунктунда:

- 7-9, 11-13-пунктчаларындагы ", уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иштен жана банк ишинен" деген сөздөр алып салынсын;

- 13-пунктчасындагы "058" деген цифралар "061" деген цифраларга алмаштырылсын;

- 14-пунктчасындагы "В" бөлүмчөсүндө" деген сөз "Б", "В" жана "Г" бөлүмчөлөрүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

6) 26-пунктунда:

- 3-пунктчасындагы "060 х 061" деген цифралар "063 х 064" деген цифраларга алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1 - 3-3-пунктчалары менен толукталсын:

"3-1) 066-уячада - накталай эмес формада төлөнгөн соода иши боюнча түшкөн акчанын көлөмү; 3-2) 067-уячада - накталай эмес формада төлөнгөн соода иши боюнча сатуудан алынуучу салыктын ставкасы; 3-3) 068-уячада - накталай эмес формада төлөнгөн соода иши боюнча сатуудан алынуучу салыктын суммасы, ал 066 х 067 / 100% формуласы боюнча аныкталат;";

- 7-пунктчасындагы "066" деген цифралар "069" деген цифраларга алмаштырылсын, ", уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иштен жана банк ишинен" деген сөздөр алып салынсын;

- 8-пунктчасындагы "067" деген цифралар "070" деген цифраларга алмаштырылсын, ", уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иштен жана банк ишинен" деген сөздөр алып салынсын;

- 9-пунктчасындагы "068" жана "066 х 067" деген цифралар тиешелүү түрдө "071" жана "069 х 070" деген цифраларга алмаштырылсын;

- ", уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иштен жана банк ишинен" деген сөздөр алып салынсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 9-1 - 9-3-пунктчалары менен толукталсын:

"9-1) 072-уячада - соода ишинен тышкаркы накталай эмес формада төлөнгөн иш боюнча түшкөн акчанын көлөмү; 9-2) 073-уячада - соода ишинен тышкаркы накталай эмес формада төлөнгөн иш боюнча сатуудан алынуучу салыктын ставкасы; 9-3) 074-уячада - соода ишинен тышкаркы накталай эмес формада төлөнгөн иш боюнча сатуудан алынуучу салыктын суммасы, ал 072 х 073 / 100% формуласы боюнча аныкталат;";

- 10-пунктчасындагы "069" жана "065 жана 068" деген цифралар тиешелүү түрдө "075" жана "065, 068, 071 жана 074" деген цифраларга алмаштырылсын;

7) 26-1-пунктунда:

- 1-пунктчасындагы "070" деген цифралар "076" деген цифраларга алмаштырылсын;

- 2-пунктчасындагы "071" деген цифралар "077" деген цифраларга алмаштырылсын;

- 3-пунктчасындагы "072" жана "070 х 071" деген цифралар "078" жана "076 х 077" деген цифраларга алмаштырылсын;

- 4-пунктчасындагы "073" деген цифралар "079" деген цифраларга алмаштырылсын;

- 5-пунктчасындагы "074" деген цифралар "080" деген цифраларга алмаштырылсын;

- 6-пунктчасындагы "075" жана "073 х 074" деген цифралар тиешелүү түрдө "081" жана "079 х 080" деген цифраларга алмаштырылсын;

- 7-пунктчасындагы "076" жана "072 х 075" деген цифралар тиешелүү түрдө "082" жана "078 х 081" деген цифраларга алмаштырылсын;

- 8-пунктчасындагы "077" жана "069 жана 076" деген цифралар тиешелүү түрдө "083" жана "075 жана 082" деген цифраларга алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 26-2-пункту менен толукталсын:

"26-2. "Г" бөлүмчөсүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) 084-уячада - салык милдеттенмеси салыктык контракттын негизинде аткарылуучу накталай формада төлөнгөн, товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын өлчөмү;

2) 085-уячада - салык милдеттенмеси салыктык контракттын негизинде аткарылуучу накталай эмес формада төлөнгөн, товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын өлчөмү;";

8) 29-пунктундагы "227" жана "277" деген цифралар тиешелүү түрдө "233" жана "283" деген цифраларга алмаштырылсын;

9) 31-пунктунун 2-пунктчасынын бешинчи абзацындагы "061" деген цифралар "161" деген цифраларга алмаштырылсын;

10) 32-пунктунда:

- 1-пунктчасында:

- биринчи абзацындагы "063, 066" деген цифралар "063, 066, 069 жана 072" деген цифраларга алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы жана жетинчи абзацтар менен толукталсын: "- 069-уячада - тиркеменин 169, 219 жана 269-уячаларынын маанилеринин суммасы;

- 072-уячада - тиркеменин 172, 222 жана 272-уячаларынын маанилеринин суммасы;";

- 2-пунктчасындагы "064 жана 067" деген цифралар "064, 067, 070 жана 073" деген цифраларга алмаштырылсын;

- 3-пунктчасында:

биринчи абзацындагы "065 жана 068" деген цифралар "065, 068, 071 жана 074" деген цифраларга алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын: "- 071-уячада - тиркеменин 171, 221 жана 271-уячаларынын маанилеринин суммасы;

- 074-уячада - тиркеменин 174, 224 жана 274-уячаларынын маанилеринин суммасы;";

4-пунктчасындагы "069" жана "065 жана 068" деген цифралар "075" жана "065, 068, 071 жана 074" деген цифраларга алмаштырылсын;

11) 32-1-пунктунда:

- 1-пунктчасында:

биринчи абзацындагы "070 жана 073" деген цифралар "076 жана 079" деген цифраларга алмаштырылсын; экинчи абзацындагы "070" жана "170, 220 жана 270" деген цифралар тиешелүү түрдө "076" жана "176, 226 жана 276" деген цифраларга алмаштырылсын; үчүнчү абзацындагы "073" жана "173, 223 жана 273" деген цифралар тиешелүү түрдө "079" жана "179, 229 жана 279" деген цифраларга алмаштырылсын;

- 2-пунктчасындагы "071 жана 074" деген цифралар "077 жана 080" деген цифраларга алмаштырылсын;

- 3-пунктчасында:

биринчи абзацындагы "072 жана 075" деген цифралар "078 жана 081" деген цифраларга алмаштырылсын; экинчи абзацындагы "072" жана "172, 222 жана 272" деген цифралар тиешелүү түрдө "078" жана "178, 228 жана 278" деген цифраларга алмаштырылсын; үчүнчү абзацындагы "075" жана "175, 225 жана 275" деген цифралар тиешелүү түрдө "081" жана "181, 231 жана 281" деген цифраларга алмаштырылсын;

- 4-пунктчасындагы "076" жана "072 жана 075" деген цифралар тиешелүү түрдө "082" жана "078 жана 081" деген цифраларга алмаштырылсын;

- 5-пунктчасындагы "077" жана "069 жана 076" деген цифралар тиешелүү түрдө "083" жана "075 жана 082" деген цифраларга алмаштырылсын;

12) 34-пунктунун 3, 3-1, 6, 6-1, 9 жана 9-1-пунктчаларындагы ", уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иштен жана банк ишинен" деген сөздөр алып салынсын;

13) 35-пунктунда:

- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пунктча менен толукталсын:

"1-1) 166, 216 жана 266-уячаларда - накталай эмес формада төлөнгөн соода иши боюнча түшкөн акчанын өлчөмү;";

- 3-пунктчасындагы "166, 216 жана 266" деген цифралар "169, 219 жана 269" деген цифраларга алмаштырылсын, ", уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иштен жана банк ишинен" деген сөздөр алып салынсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пунктча менен толукталсын:

"3-1) 172, 222 жана 272-уячаларда - накталай эмес формада төлөнгөн соода ишинен тышкары иш боюнча түшкөн акчанын өлчөмү;";

- төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пунктча менен толукталсын:

"4-1) 167, 217 жана 267-уячаларда - накталай эмес формада төлөнгөн соода иши боюнча сатуудан алынуучу салыктын ставкасы;";

- 6-пунктчасындагы "167, 217 жана 267" деген цифралар "170, 220 жана 270" деген цифраларга алмаштырылсын, ", уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иштен жана банк ишинен" деген сөздөр алып салынсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пунктча менен толукталсын:

"6-1) 173, 223 жана 273-уячаларда - накталай эмес формада төлөнгөн соода ишинен тышкары иш боюнча сатуудан алынуучу салыктын ставкасы;";

- төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-пунктча менен толукталсын:

"7-1) 168, 218 жана 268-уячаларда - накталай эмес формада төлөнгөн соода иши боюнча салыктын суммасы;";

- 9-пунктчасындагы "168, 218 жана 268" деген цифралар "171, 221 жана 271" деген цифраларга алмаштырылсын, ", уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иштен жана банк ишинен" деген сөздөр алып салынсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 9-1-пунктча менен толукталсын:

"9-1) 174, 224 жана 274-уячаларда - накталай эмес формада төлөнгөн соода ишинен тышкары иш боюнча сатуудан алынуучу салыктын суммасы;";

- 10-пунктчасында:

- биринчи абзацындагы "169, 219 жана 269" деген цифралар тиешелүү түрдө "175, 225 жана 275" деген цифраларга алмаштырылсын;

- экинчи абзацындагы "169" жана "165 жана 168" деген цифралар тиешелүү түрдө "175" жана "165, 168, 171 жана 174" деген цифраларга алмаштырылсын;

- үчүнчү абзацындагы "219" жана "215 жана 218" деген цифралар тиешелүү түрдө "225" жана "215, 218, 221 жана 224" деген цифраларга алмаштырылсын;

- төртүнчү абзацындагы "269" жана "265 жана 268" деген цифралар тиешелүү түрдө "275" жана "265, 268, 271 жана 274" деген цифраларга алмаштырылсын;

14) 33-1-пунктунда:

- 1-пунктчасындагы "170, 220 жана 270" деген цифралар "176, 226 жана 276" деген цифраларга алмаштырылсын;

- 2-пунктчасындагы "173, 223 жана 273" деген цифралар "179, 229 жана 279" деген цифраларга алмаштырылсын;

- 3-пунктчасындагы "171, 221 жана 271" деген цифралар "177, 227 жана 277" деген цифраларга алмаштырылсын;

- 4-пунктчасындагы "174, 224 жана 274" деген цифралар "180, 230 жана 280" деген цифраларга алмаштырылсын;

- 5-пунктчасындагы "172, 222 жана 272" деген цифралар "178, 228 жана 278" деген цифраларга алмаштырылсын;

- 6-пунктчасындагы "175, 225 жана 275" деген цифралар "181, 231 жана 281" деген цифраларга алмаштырылсын;

- 7-пунктчасында:

биринчи абзацындагы "176, 226 жана 276" деген цифралар "182, 232 жана 282" деген цифраларга алмаштырылсын; экинчи абзацындагы "176" жана "172 жана 175" деген цифралар тиешелүү түрдө "182" жана "178 жана 181" деген цифраларга алмаштырылсын; үчүнчү абзацындагы "226" жана "222 жана 225" деген цифралар тиешелүү түрдө "232" жана "228 жана 231" деген цифраларга алмаштырылсын; төртүнчү абзацындагы "276" жана "272 жана 275" деген цифралар тиешелүү түрдө "282" жана "278 жана 281" деген цифраларга алмаштырылсын;

- 8-пунктчасында:

биринчи абзацындагы "177, 227 жана 277" деген цифралар "183, 233 жана 283" деген цифраларга алма1птырылсын; экинчи абзацындагы "177" жана "169 жана 176" деген цифралар тиешелүү түрдө "183" жана "175 жана 182" деген цифраларга алмаштырылсын; үчүнчү абзацындагы "227" жана "219 жана 226" деген цифралар тиешелүү түрдө "233" жана "225 жана 232" деген цифраларга алмаштырылсын; төртүнчү абзацындагы "277" жана "269 жана 276" деген цифралар тиешелүү түрдө "283" жана "275 жана 282" деген цифраларга алмаштырылсын;

15) төмөнкүдөй мазмундагы 36-пункт менен толукталсын:

"36. Тиркеменин "Г" бөлүмчөсүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) 184, 234 жана 284-уячаларында - салык милдеттенмеси салыктык контракттын негизинде аткарылуучу накталай формада төлөнгөн, товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын өлчөмү;

2) 185, 235 жана 285-уячаларында - салык милдеттенмеси салыктык контракттын негизинде аткарылуучу накталай эмес формада төлөнгөн, товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын өлчөмү;".

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2016-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 699 токтомунун 1-тиркемеси

Форма

FORM STI-129 Чакан ишкердик субъекттин сатуудан алынуучу салык боюнча ОТЧЕТУ КР Юстиция Министрилигинин архивинде сакталат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 699 токтомунун 2-тиркемеси

Форма

FORM STI-130 Орто ишкердик субъекттин сатуудан алынуучу салык боюнча ОТЧЕТУ КР Юстиция Министрилигинин архивинде сакталат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 699 токтомунун 3-тиркемеси

Форма

FORM STI-131 Субъекттин сатуудан алынуучу салык боюнча ОТЧЕТУ (чакан жана орто ишкердик субъекттен тышкары) КР Юстиция Министрилигинин архивинде сакталат
