# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-августундагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-августундагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158407>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21025/edition/1080010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158407.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-августундагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (04.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158407

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 4-августу № 107 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкынын Бирдиктүү мамлекеттик реестри жөнүндө жободо:

- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8. Маалыматтарды калктын реестрине алгачкы киргизүү калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун же адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин негизинде - жарандардын арызы боюнча жүргүзүлөт.";

- 9-пунктунда:

- 2-пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:";

- 3-пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан" деген сөздөр "тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 4-пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан" деген сөздөр "коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 5-пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан" деген сөздөр "билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 6-пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү, эмгек жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 17-пунктундагы "Мамкаттоо" деген аббревиатура "калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 20-пунктундагы "Мамкаттоо" деген аббревиатура "калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 23-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"23. Мамлекеттик орган же башка юридикалык жак өздөрүнүн компетенциясына ылайык атайын суроо-талап кылган учурда, калктын реестринин маалыматтары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлары жана жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий чечиминин негизинде гана берилүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана жарандыгы жок адамдардын ким экендигин аныктоо максатында калктын реестринде камтылган маалыматтарды укук коргоо органдарына берүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте, ведомстволор аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн алкагында, электрондук формада жүргүзүлөт.";

- 28-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"28. Калктын реестрин жүргүзүү жана иштөөсү үчүн жоопкерчилик калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт. Мамлекеттик органдардын кызматтык милдеттерине реестрди жүргүзүү кирген кызмат адамдары маалыматтын толуктугу, тууралыгы, бүтүндүгү жана аны ачыкка чыгарбоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартышат. Мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына жарандар жөнүндө маалыматтарды мыйзамсыз алууга, иштеп чыгууга же пайдаланууга тыюу салынат. Эгерде калктын реестрине туура эмес маалыматтар киргизилсе, анда калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берилген документтердин негизинде жазууну ондоого тийиш. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген документтердеги жазууларды (маалыматтарды) оңдоого жана аны берүүчүдөн да талап кылууга тыюу салынат.";

- 29-пунктунун экинчи абзацындагы "Мамкаттоо" деген аббревиатура "калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 31-пунктундагы "Мамкаттоонун" деген аббревиатура "калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 33-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"33. Калктын реестринде камтылган маалыматтар калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана статистика органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жалпыланган отчет түрүндө жарыяланышы мүмкүн.";

- 34-пунктундагы "Мамкаттоо" деген аббревиатура "Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага

У.А. Марипов
