# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-августундагы № 109 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-августундагы № 109 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 109
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158405>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21023/edition/1078218/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158405.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-августундагы № 109 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому (04.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158405

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 4-августу № 109 Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка айыл аймагындагы калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 12-пунктчасына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 3/7-922 корутундусун жана Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 25-майындагы № 208-т буйругун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка айыл аймагынын № 782 (20 га), № 787 (32 га), № 971 (47 га) контурларында жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 99 га сугат айдоо жерлери "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына жеке турак үйлөрдү куруу үчүн которулсун (трансформациялансын).

2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:

- жерлерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарына жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 10-августундагы № 86 жарыяланды

Төрага

У.А. Марипов
