# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158403>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21021/edition/1087217/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158403.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы жөнүндө" токтому (10.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158403

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 5-августу № 113 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 473 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 91-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы уюштурулсун.

2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 473 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 853 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы № 463 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 853 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 497 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 853 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-декабрындагы № 714 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин даярдоо тартибин жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 10-августундагы № 86 жарыяланды

Төрага

У.А.Марипов
