# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-майындагы № 210 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу " токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-майындагы № 210 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу " токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 516
- Кабыл алынган күнү: 03.10.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158389>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21008/edition/1082546/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158389.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-майындагы № 210 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу " токтому (30.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158389

---

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 228 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 3-октябры № 516

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-майындагы № 210 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өткөрүүнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-майындагы № 210 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:

"4-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги "Кыргызнефтегаз" ААК тарабынан Ош шаарынын ЖЭБине жеткирилүүчү жагуучу мазутка анын "Электр станциялары" ААК сураган сапат боюнча мүнөздөмөсүнүн өзгөрүшүн эске алуу менен бааны белгилесин.";

2) төмөнкүдөй мазмундагы 15-1-пункт менен толукталсын:

"15-1. "Кыргызнефтегаз" ААКыга төмөнкүлөр сунушталсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине "Кыргызнефтегаз" ААК тарабынан Ош шаарынын ЖЭБине жеткирген жагуучу мазуттун сапат боюнча мүнөздөмөсүнүн өзгөрүшүнүн негиздемесин берүү;

- Ош шаарынын ЖЭБине жагуучу мазутту мүмкүн болушунча кыска мөөнөттүн ичинде зарыл болгон көлөмдө жеткирүүнү камсыз кылсын.".

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 1-ноябрында № 91 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер министри

М.Абылгазиев
