# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 103 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңештин иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 103 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңештин иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 103
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158383>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21002/edition/1110348/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158383.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 103 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңештин иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158383

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 3-августу № 103 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңештин иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 , 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңештин ишин иретке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-ноябрындагы № 630 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3-пунктундагы "Өкмөтүнүн Аппаратына" деген сөздөр "Юстиция министрлигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жободо:

- аталышындагы "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1-пунктундагы "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 4-пунктундагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 5-пунктундагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 7-пунктунун экинчи жана сегизинчи абзацтарындагы "Өкмөтүнө" деген сөздөр "Министрлер Кабинетине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 10-пунктундагы "вице-премьер-министри" деген сөздөр "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 11-пунктундагы "төрт" деген сөз "үч" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 22-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 24-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"24. Координациялык кеңеш өзүнүн иши жөнүндө отчетту жыл сайын жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.";

- 27-пунктунун үчүнчү абзацындагы "камсыздоо" деген сөз "уюштуруу" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 28-пунктунун он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жободо:

- 8-пунктунун 6-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылат.".

4. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага

У.А. Марипов

Тиркеме

"Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Координациялык кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, Координациялык кеңештин төрагасынын биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү, Координациялык кеңештин катчысы. Координациялык кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын гуманитардык өнүктүрүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директорунун орун басары (макулдашуу боюнча).".
