# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-июлундагы № 87 "Отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндөгү иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-июлундагы № 87 "Отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндөгү иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158374>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20994/edition/1078216/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158374.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-июлундагы № 87 "Отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндөгү иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому (14.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158374

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 24-июлу № 87 Отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндөгү иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө Отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндөгү ишкердик субъекттердин ишин лицензиялоо маселелерин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндөгү иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары - Убактылуу жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Убактылуу жобонун 2023-жылдын 31-декабрына чейин колдонулары белгиленсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 59 "Отун-энергетикалык комплекси жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомунун 1 жана 2-пункттары;

2) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 59 "Отун-энергетикалык комплекси жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 669 токтому;

3) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 59 "Отун-энергетикалык комплекси жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-январындагы № 16 токтому.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 3-августундагы № 84 жарыяланды

Төрага

У.А. Марипов
