Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 71 „Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясын) жоюу жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 15-апрели № 147 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясын) жоюу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Жоюлуп жаткан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу "Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) кызматкерлеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын калыбына келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясын) жоюу жөнүндө" 2021-жылдын 5-мартындагы № 71 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- төмөнкүдөй редакциядагы 31-пункту менен толукталсын:
"31. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- органдын жоюлушуна байланыштуу кызматтан бошотулган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) (мындан ары - ЭККМК) кызматкерлерине пенсияга чыгуу укугу менен бир жолку жөлөкпул кызмат өтөө мөөнөтүнө жараша төмөнкүдөй төлөнөт:
10 жылга чейин - акчалай камсыздоо 2 айлык маянасы өлчөмүндө; 10 жылдан 15 жылга чейин - акчалай камсыздоо 10 айлык маянасы өлчөмүндө; 15 жылдан 20 жылга чейин - акчалай камсыздоо 12 айлык маянасы өлчөмүндө; 20 жылдан 25 жылга чейин - акчалай камсыздоо 15 айлык маянасы өлчөмүндө; 25 жылдан 30 жылга чейин - акчалай камсыздоо 18 айлык маянасы өлчөмүндө; 30 жана андан ашык жылдары - акчалай камсыздоо 20 айлык маянасы өлчөмүндө;
- жоюу жол-жобосу аяктаганга чейин Жоюу комиссиясына тартылган ЭККМКнын кызматкерлери укук коргоо органдарында кызмат өтөө жана ЭККМКнын кызматкерлерине акчалай үлүшүн төлөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган акчалай үлүштөр, жөлөкпулдар, компенсациялар жана төлөмдөр менен камсыздалат;
- ЭККМКнын аттестацияланган курамына кирген, иштеген жылдары боюнча пенсияга укугу бар, бирок аны белгиленген тартипте тариздебеген жана кызмат өтөөнү уланткан адамдарга ЭККМКны жоюу процессинде төлөө мезгилине карата чегерүүгө тийиш болгон пенсиянын суммасынан 50 пайыз өлчөмүндө кошумча төлөм жүргүзүлөт.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 5-мартынан тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 27-апрелиндеги № 37 (3216) жарыяланды
Премьер-министр
У.А. Марипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- 2021-жылдын 5-марты № 71 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясын) жоюу жөнүндө"Постановление · 05.03.2021 · № 71
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон