# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 78 "Улуттук квалификациялык кеңеш жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 78 "Улуттук квалификациялык кеңеш жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158360>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20983/edition/1117268/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158360.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 78 "Улуттук квалификациялык кеңеш жөнүндө" токтому (10.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158360

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 15-июлу № 78 Улуттук квалификациялык кеңеш жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-январындагы № 1 токтомунун редакциясына ылайык) Кесиптик билим берүү системасынын жана эмгек рыногунун макулдашылгандыгын камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Улуттук квалификациялык кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Улуттук квалификациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 193 "Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор" тиркемесинин 28-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-октябрындагы № 684 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 193 "Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 23-июлундагы № 81 жарыяланды

Төрага

У.А. Марипов

Тиркеме

Улуттук квалификациялык кеңештин КУРАМЫ (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-январындагы № 1 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык блок боюнча орун басары, Кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары, Кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын улук вице-президенти (макулдашуу боюнча); "Био-KG (Био-Кей Джи) органикалык кыймылынын Ассоциация-Федерациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча); "Кыргыз Республикасынын тоо-кен өнөр жай кызматкерлеринин жана геологдорунун ассоциациясы" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); "Кыргыз Республикасынын Куруучулар союзу" юридикалык жактардын бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); "Байланыш операторлору ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргызстан профсоюздар федерациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча); "Легпром" Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча); "Коомдук тамактануу ишканаларынын ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча); "Алдыңкы рестораторлордун жана отельерлердин ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча); "Программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын Кыргыз ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Бизнес-ассоциациялардын Улуттук альянсынын катчылыгынын жетекчиси (макулдашуу боюнча); "Кыргыз кнауф маркетинг" жоопкерчилиги чектелген коомунун ресурстук борборунун жетекчиси (макулдашуу боюнча); "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун окуу борборунун начальниги (макулдашуу боюнча).
