# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-июлундагы № 76 "2021-жылдын июлундагы дем алыш күндү которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-июлундагы № 76 "2021-жылдын июлундагы дем алыш күндү которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 76
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158355>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20980/edition/1078186/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158355.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-июлундагы № 76 "2021-жылдын июлундагы дем алыш күндү которуу жөнүндө" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158355

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 14-июлу № 76 2021-жылдын июлундагы дем алыш күндү которуу жөнүндө Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2021-жылдын 24-июлундагы дем алыш күнү 2021-жылдын 19-июлундагы иш күнүнө которулсун.

2. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине 2021-жылдын 24-июлундагы дем алыш күнүн 2021-жылдын 19-июлундагы иш күнүнө которуу сунушталсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

У.А. Марипов
