# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 65 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 "Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда "улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин кызматтык маянасына үстөк акылар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 65 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 "Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда "улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин кызматтык маянасына үстөк акылар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158352>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20977/edition/1078196/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158352.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 65 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 "Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда "улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин кызматтык маянасына үстөк акылар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (08.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158352

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 8-июлу № 65 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 "Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда "улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин кызматтык маянасына үстөк акылар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 24-ноябрындагы № 418 "Кыргыз Республикасынын Улуттук маданий борборун түзүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 "Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда "улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин кызматтык маянасына үстөк акылар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы бар мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы 32-пункт менен толукталсын:

"32. Улуттук маданий борбор.".

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги:

1) ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн;

2) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2021-жылга жана кийинки жылдарга бюджетинин чегинде жүргүзүлөрү белгиленсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

Торага

У.А. Марипов
