Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Банкроттук процесстин жол-жобосун жүзөгө ашырган администраторлордун ишин лицензиялоо жөнүндө Убактылуу жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 14 декабря 2023 года № 678 "О вопросах лицензирования отдельных видов деятельности"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-14.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 64 токтомуна)
Банкроттук процесстин жол-жобосун жүзөгө ашырган администраторлордун ишин лицензиялоо жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Убактылуу жобо "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан (мындан ары - лицензиар) банкроттук процесстин жол-жобосун ишке ашырган администраторлордун ишине лицензияларды берүү, кайра тариздөө, токтото туруу, кайра жаңыртуу жана колдонулушун токтотуу тартибин регламенттейт.
2. Лицензиардын кызматкерлерин кошпогондо, банкроттук процесстин жол-жобосун ишке ашырган администратордун ишин жүзөгө ашырууга ниеттенген жеке жактар (мындан ары - администратор) "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Убактылуу жободо белгиленген тартипте лицензия алууга милдеттүү.
3. Лицензия ажыратылгыс, мөөнөтсүз болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бардык аймагында колдонулат.
2-глава. Лицензияны алуу үчүн керектүү документтер
4. Лицензияны алуу үчүн арыз ээси лицензиарга төмөнкүдөй документтерди берет же маалыматтык технологиялар аркылуу жиберет:
1) лицензиар белгилеген формада лицензия алууга арыз;
2) резюме жана 3x4 өлчөмүндөгү фотокарточка менен кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча;
3) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү;
4) арызды кароо жана лицензияны берүү үчүн лицензиялык жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастаган документтин көчүрмөсү;
5) арыз ээсине салык төлөөчүнүн жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүнүн идентификациялык салык номерин ыйгарууну ырастаган документтин көчүрмөсү;
6) уюштуруу документинин көчүрмөсү (жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк);
7) соттуулугунун жоктугун ырастоочу документ;
8) техникалык жогорку билимдин, экономика жана финансы, юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, мүлктү баалоо, айыл чарба чөйрөсүндөгү жогорку билимдин бар экендигин ырастаган документтин көчүрмөсү;
9) адистиги же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү үч жылдан кем эмес иш стажын ырастаган эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
10) лицензиар тарабынан бекитилген банкроттук чөйрөдөгү атайын программа боюнча окуудан өткөндүгүн ырастаган сертификаттын көчүрмөсү.
Зарыл болгон учурда лицензиар арыз ээсинен аталган документтердин түп нускаларын көрсөтүүнү талап кылууга укуктуу.
5. Арыз ээси лицензия алуу үчүн маалыматтык технологиялар аркылуу кайрылган учурда, арыз ээси лицензиардын сайтында белгиленген формадагы арызды толтурат жана бир эле мезгилде ушул пунктта каралган документтердин сканерленген түп нускаларын электрондук форматта тиркейт. Бул учурда арыз ээси арызды жана электрондук форматта берилген документтердин тизмесин кабыл алуу датасын көрсөтүү менен документтердин кабыл алынгандыгы жөнүндө ырастоону алат.
6. Арыз ээси лицензияны берүү үчүн көрсөтүлгөн документтердин аныктыгына жоопкерчилик тартат.
7. Убактылуу жобонун ушул главасында белгиленген лицензияны берүү үчүн документтердин тизмеси толук болуп саналат. Лицензиардын арыз ээсинен лицензияны берүү үчүн ушул Убактылуу жободо каралбаган документтерди талап кылуусуна тыюу салынат.
8. Арыз ээси берген документтер ушул Убактылуу жобонун 4-главасына ылайык лицензиянын мамлекеттик реестрин жүргүзүү максатында лицензиарда калат.
3-глава. Лицензиянын мазмуну
9. Лицензияда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) лицензиардын аталышы;
2) жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты;
3) иштин лицензиялануучу түрү;
4) лицензиянын колдонуу мөөнөтү;
5) лицензиянын ажыратылгыстыгы жөнүндө белги;
6) ишти жүзөгө ашыруу аймагы;
7) лицензия берилген дата жана каттоо номери;
8) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери.
10. Лицензиялардын бланктары так эсепке алынуучу документтерден болуп эсептелет жана типографиялык ыкма менен даярдалат, коргоо даражасы, эсептик сериясы жана номери болот.
Лицензиялардын бланктарын даярдоо, эсепке алуу жана сактоо лицензиар тарабынан ишке ашырылат.
11. Лицензия ушул Убактылуу жобонун 4-главасына ылайык лицензиялардын реестрине киргизилет.
4-глава. Лицензиялардын реестри
12. Лицензиялардын реестри (мындан ары - реестр) берилген лицензиялардын бар экендигин, ошондой эле алардын укуктук статусун ырастоочу жалгыз гана расмий булак болуп саналат.
13. Лицензиар реестрди кагаз жүзүндө жана электрондук форматта жүргүзөт. Реестр лицензиардын расмий сайтына милдеттүү жайгаштырылууга тийиш жана жеке маалыматтар жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен пайдаланууга чектөө киргизилген маалыматтардан тышкары, реестрде камтылган маалыматтар менен кызыкдар болгон жактардын таанышуусу үчүн ачык жана жеткиликтүү болуп саналат.
14. Реестрде төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:
1) жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты, ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин маалыматтары, анын жашаган жери, байланыш маалыматтары (телефон номери, электрондук почтасы), жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жазуунун каттоо номери;
2) иштин лицензиялануучу түрү;
3) ишти жүзөгө ашыруу аймагы;
4) лицензиянын колдонуу мөөнөтү;
5) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;
6) лицензия берилген дата жана каттоо номери;
7) лицензиянын колдонулушун токтото туруунун негизи жана мөөнөтү;
8) лицензиянын колдонулушун кайра жаңыртуунун негизи жана датасы;
9) лицензиянын дубликатын берүүнүн негизи жана датасы;
10) лицензиянын колдонулушун токтотуунун негизи жана датасы;
11) лицензиардын кароосу боюнча башка маалыматтар.
5-глава. Лицензиардын ыйгарым укуктары
13. Лицензиар төмөнкү ыйгарым укуктарды ишке ашырат:
1) лицензияларды берүү;
2) лицензияларды берүүдөн баш тартуу;
3) лицензиялардын дубликаттарын берүү;
4) лицензияларды кайра тариздөө;
5) лицензиат тарабынан лицензиялык талаптардын сакталышын лицензиялык контролдоо:
6) эскертүү, айып салуу түрүндөгү таасир этүү чараларын колдонуу;
7) лицензиялардын колдонулушун токтото туруу;
8) лицензиялардын колдонулушун кайра жаңыртуу;
9) лицензиялардын колдонулушун токтотуу;
10) лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн сот органдарына доо арыз берүү;
11) лицензиялардын реестрин түзүү жана жүргүзүү.
6-глава. Лицензия берүү
16. Лицензиар арыз ээси тарабынан ушул Убактылуу жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилген күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндөн кечиктирбей, лицензия берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
17. Арыз ээси берген документтер курамына 5 адам кирген туруктуу иштөөчү лицензиялык комиссия (мындан ары - лицензиялык комиссия) тарабынан каралат, аларга төмөнкүлөр кирет:
1) банкроттук жөнүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын коомдук кеңешинен бир өкүл;
2) банкроттук жөнүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү;
3) банкроттук жөнүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу органдан бир өкүл;
4) лицензиардан эки өкүл.
Лицензиардын жетекчиси лицензиялык комиссиянын төрагасы болуп саналат. Лицензиялык комиссиянын жеке курамы жана иш тартиби лицензиардын чечими менен бекитилет.
18. Лицензиялык комиссия арыз ээси берген документтерди карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алат, ал лицензиялык комиссиянын бардык мүчөлөрү кол койгон жана лицензия берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө сунуштарды камтыган протокол түрүндө таризделет.
19. Лицензиялык комиссиянын чечиминин негизинде лицензиар лицензия берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө буйрук түрүндөгү чечим кабыл алат.
20. Лицензиар лицензия берүү үчүн белгиленген мөөнөттө лицензия берүү же лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдин кабыл алынгандыгы тууралуу арыз ээсине жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
21. Берилгендиги тууралуу маалыматтар реестрге киргизилген күндөн тартып лицензия расмий түрдө берилген болуп саналат.
22. Ушул Убактылуу жобонун 3-главасында көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыган лицензиянын кагаз формасы лицензиятка тапшырылат, ал эми көчүрмөсү лицензиялык иште сакталат.
7-глава. Лицензия берүүдөн баш тартуу
23. Төмөнкүлөр лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн негиздерден болуп саналат:
1) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөө;
2) иштерди жана (же) башка адамдардын мүлкүн башкаруу боюнча иш жүргүзүүгө чектөөлөрдүн болушу;
3) жоюлбаган соттуулугунун болушу;
4) банкрот болгон учурдан тартып беш жыл өткөнгө чейин банкроттук негиздер боюнча жеке ишкер катары ишин токтотуу;
5) банкроттукка байланыштуу чарба жүргүзүүчү субъекттин иши токтотулган учурдан тартып беш жыл өткөнгө чейин чарба жүргүзүүчү субъектти жетектөө;
6) иштин ушул түрү менен алектенүүгө тыюу салган соттун чечиминин болушу;
7) арыз ээси тарабынан анык эмес же толук эмес маалыматты берүү;
8) лицензияны кароо жана берүү үчүн лицензиялык жыйымды төлөбөө;
9) арыз ээси тарабынан берилген документтердин "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Убактылуу жободо белгиленген талаптарга шайкеш эместиги.
24. Лицензияны берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим баш тартуунун себебин көрсөтүү менен лицензия берүү үчүн белгиленген мөөнөттө арыз ээсине жазуу жүзүндө жиберилет.
25. Ушул Убактылуу жобонун 23-пунктунун 7-9-пунктчаларында көрсөтүлгөн лицензияларды берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер жоюлган учурда, арыз кайра төлөнбөстөн жалпы негизде кайрадан каралууга тийиш. Мында арызды кароонун жана лицензияны берүүнүн мөөнөтү арызды кайрадан кароого берген күндөн тартып эсептелет.
Лицензия берүүдөн баш тартылган учурда арызды кароо жана лицензия берүү үчүн акы арыз ээсине кайтарылып берилбейт. Лицензия берүүдөн баш тартуу себептери жоюлбагандыктан, арыз ээсине мурда лицензия берүүдөн баш тартылган учурлардан тышкары, арыз ээсинин мурда каралган документтери боюнча баш тартууга жол берилбейт.
26. Арыз ээси лицензиардын лицензия берүүдөн баш тартуусуна же анын аракетсиздигине "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
8-глава. Лицензиянын дубликатын берүү
27. Лицензияны жоготкондо, бузуп алганда лицензият лицензиарга жиберилүүчү жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде лицензиянын дубликатын алууга укуктуу. Лицензияны бузуп алган учурда арызга лицензиянын бузулган бланкы да тиркелет.
28. Лицензиянын дубликатын берүүдө Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык бир жолку мамлекеттик алым алынат.
29. Лицензиянын жоголгон, бузулган бланктары лицензиат тарабынан арыз берилген күндөн тартып жараксыз деп эсептелет.
30. Лицензиар арыз берилген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жогорку оң жагындагы бурчунда "Дубликат" деген жазуусу бар лицензиянын дубликатын берет.
9-глава. Лицензияны кайра тариздөө
31. Лицензияны кайра тариздөө үчүн негиз болуп жеке жактын фамилиясынын, атынын, атасынын атынын өзгөрүүсү эсептелет.
32. Лицензияны кайра тариздөө жөнүндө арыз кайра тариздөөнүн негиздерин жана жаңы маалыматтарды көрсөтүү менен, тиешелүү өзгөрүүлөрдү ырастаган документтерди тиркөө менен лицензиарга кайра тариздөө үчүн негиздер пайда болгон күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күндөн кечиктирбестен берилет.
33. Лицензияны кайра тариздөөдө салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бир жолку мамлекеттик алым алынат.
34. Лицензияны кайра тариздөө лицензиар тарабынан тийиштүү арыз алынган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат. Лицензияны кайра тариздөөдө лицензиар реестрге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
35. Лицензияны кайра тариздегенге жана лицензияны колго алганга чейин лицензиат ишин лицензиар тарабынан мурда берилген лицензиянын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүнүн негизинде жүзөгө ашырат.
10-глава. Лицензиялык талаптар
36. Лицензиялануучу иштин түрүн жүзөгө ашырууда лицензиат төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде каралган учурлардан тышкары, үчүнчү жакка кайра ишенип берүү укугусуз администратордун ишин жүзөгө ашырууга;
2) администратордук ишти жүзөгө ашырууда лицензиарга банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарды жана мөөнөттөрдү сактоо менен төмөнкүдөй отчет берет:
- карызкордун финансылык абалынын баштапкы талдоосу;
- карызкордун активдерин инвентаризациялоо жана баалоо жыйынтыктары боюнча отчет;
- кварталдык отчеттор;
- жылдык отчет;
- ачык соода-сатыктарды өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчет;
- корутунду отчет;
- карызкордун акча каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчет.
Эгерде лицензиар тарабынан берилген отчетто каталар табылса, лицензиарга банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттө оңдолгон отчетту жиберүү;
3) убактылуу администратор болуп дайындалган күндөн тартып 14 (он төрт) календардык күндүн ичинде карызкордун финансылык абалы жөнүндө отчетту сотко берүүгө;
4) банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана мөөнөттө республикалык жана жергиликтүү (карызкордун турган жери боюнча) газеталарга төмөнкүдөй кулактандырууну жарыялоого:
- өзүнүн администратор болуп дайындалгандыгы жөнүндө;
- кредиторлордун чогулушун өткөрүү жөнүндө;
- карызкордун активдерин пландалган сатуусу жөнүндө;
- карызкорду реабилитациялоо жөнүндө;
5) банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте администратор болуп дайындалган учурдан тартып:
- карызкордун активдерин контролго жана башкарууга алууга;
- карызкордун активдерге болгон укуктарын бекитүүгө жана аларга ээлик кылууга;
- карызкордун активдеринин сакталышын камсыз кылууга;
- калк үчүн потенциалдуу коркунуч келтириши мүмкүн болгон карызкордун активдеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;
- карызкордун болгон бардык активдери жөнүндө кредиторлордун чогулушун (комитет) маалымдоого;
- кредиторлордун чогулушунун (комитетинин) чечими менен банкроттук процесске чыгымдарды бекитүүгө жана кредиторлордун чогулушуна чыгымдар боюнча отчет берүүгө;
- кредиторлордун жана үчүнчү жактардын талаптарынын негиздүүлүгүн текшерүүгө;
- карызкордун активдерин сатуу жөнүндө чечимди кредиторлордун чогулушунда макулдашууга;
- карызкордун активдерин баалоо наркы боюнча биринчи тооруктарга коюуга;
- банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарды сактоо менен карызкордун активдерин сатууга (ээликтен ажыратууга);
- банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген карыздарды төлөөнүн шарттарын жана кезектүүлүгүн сактоо менен карызкорлордун активдерин сатуудан түшкөн каражаттарды кредиторлордун алдындагы карыздарын жабууга багыттоого;
- банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген банкроттук жол-жоболорун жүргүзүүнүн мөөнөтүн жана тартибин сактоого;
- банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген кредиторлордун чогулушун өткөрүүнүн мөөнөтүн жана тартибин сактоого;
- күрөө менен камсыз болгон кредитордун талабы боюнча күрөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык ага мүлктү ээлик кылууга берүүгө;
6) администратордун милдеттерин аткаруудан бошотулган же четтетилген учурдан тартып:
- жаңыдан дайындалган администраторго милдетин аткарууга тоскоол болбоого;
- сотко (кредиторлордун чогулушуна) өз ишинин натыйжалары жөнүндө отчет берүүгө;
- жаңы дайындалган администраторго карызкордун мөөрүн жана штампын, карызкордун банкроттук процесске тиешеси бар бардык документтерди берүүгө;
7) банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузган аракеттер билинсе, лицензиардын талаптарын аткарууга;
8) чечим кабыл алынган учурдан тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде лицензиарга жайгашкан жеринин (юридикалык жана иш жүзүндөгү дарегинин), телефон, факс номерлеринин жана электрондук дарегинин, жеке адамдын ким экендигин күбөлөндүргөн паспорттук маалыматтарынын же башка документтин маалыматтарынын өзгөргөндүгү жөнүндө кабарлоого.
11-глава. Лицензиялык контроль
37. Лицензиялык контролдоо лицензиар тарабынан ушул Убактылуу жободо белгиленген лицензиялык талаптардын лицензиат тарабынан сакталышын текшерүү максатында жүргүзүлөт.
Лицензиялык контролдоо лицензиар тарабынан лицензиялык текшерүү формасында жүргүзүлөт.
38. Лицензиялык текшерүүлөр лицензиар тарабынан бекитилген ар жылдык планга ылайык ишке ашырылат. Планга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
- лицензиаттын карызкордун банкроттук процесске катышкан мамлекеттик органдардын жана кызыкдар жактардын иш-аракеттерине (аракетсиздигине) карата арыздары (даттануулары);
- мурдагы лицензиялык текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган укук бузуулардын лицензиат тарабынан жоюлушун текшерүү.
39. Лицензиар лицензиялык текшерүүнүн алкагында лицензиаттан лицензиялык текшерүү жүргүзүүдө келип чыккан маселелер боюнча зарыл маалыматтарды суроого жана алууга укуктуу.
40. Лицензиат лицензиялык текшерүүдө келип чыккан маселелер боюнча лицензиарга зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди берүүгө милдеттүү.
41. Лицензиялык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча лицензиардын кызмат адамы лицензиялык текшерүү актысын түзөт. Лицензиялык текшерүү актысы лицензиаттын лицензиялык ишине тиркелет.
42. Лицензиар лицензиялык талаптар бузулган учурда лицензиатка төмөнкүдөй таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу:
1) алдын ала эскертүү;
2) айып салуу;
3) лицензиянын колдонулушун токтото туруу;
4) лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн сот органдарына доо арыз берүү.
43. Лицензиаттын лицензиялык талаптарды карызкордун банкроттук процессине катышкан кызыкдар жактарга материалдык зыян алып келбегидей бир жолу бузгандыгы үчүн лицензиат эскертүү түрүндөгү таасир этүү чарасына дуушар болот.
Эскертүүдө лицензиат кетирген тартип бузуулардын мазмуну, мындай бузууларды жоюу боюнча чаралар тууралуу маалыматтар камтылышы керек. Эскертүү менен макул болбогон учурда лицензиат эскертүү алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде лицензиарга эскертүүлөргө карата жазуу жүзүндө каршы пикирин берүүгө укуктуу.
44. Лицензиялык талаптарды экинчи жолу бузгандыгы үчүн лицензиар айып салуу түрүндөгү таасир этүү чараларын колдонот.
Айып салуу түрүндөгү таасир этүү чараларын колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык ишке ашырылат. Айып салуудан түшкөн каражаттар республикалык бюджеттин кирешесине жиберилет.
45. Карызкордун банкроттук процессине тартылган мамлекеттик органдардын лицензиялык талаптарды бузуусу аныкталса, мындай бузуулар жөнүндө лицензиарга билдирүүгө милдеттүү.
12-глава. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу жана токтотуу
46. Лицензиянын колдонулушу лицензиялык комиссиянын чечиминин негизимде лицензиар тарабынан мурда эскертүү жана айып акыны алган лицензиаттын лицензиялык талаптары үч жолу бузулган учурда токтото туруунун себебин көрсөтүү жана бузууларды жоюу жөнүндө жазма буйрук берүү менен үч айга чейинки мөөнөткө токтотула турат.
47. Лицензиянын колдонулушу лицензиялык комиссиянын чечиминин негизинде лицензиар тарабынан төмөнкү учурларда токтотулат:
1) жеке ишкер катары жеке жактын иши токтотулганда;
2) иштин лицензиялануучу түрүн жүзөгө ашыруу ыктыярдуу токтотулган учурда лицензиат тарабынан арыз берилсе;
3) иштин лицензиялануучу түрлөрүнүн тизмегинен иштин айрым түрү алып салынса;
4) лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирсе;
5) жеке адам каза болсо.
48. Лицензияны колдонуу токтотулганда лицензиар лицензияны колдонууну токтотуу жөнүндө маалыматты реестрге киргизет. Реестрге маалыматтар киргизилген датадан тартып лицензиянын колдонулушу токтотулду деп таанылат.
13-глава. Лицензиянын колдонулушун кайра жаңыртуу
49. Лицензиянын колдонулушу ушул Убактылуу жободо аталган лицензиялык талаптарды бузуулар лицензиат тарабынан жоюлган шартта, лицензияны колдонуу токтотулган мөөнөт аяктаган күндөн кийинки күндөн тартып же лицензиянын колдонулушу токтотулган белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин кемчиликтерди мөөнөтүнөн мурда жойгон учурда лицензиар тарабынан кайра жаңыртылат.
50. Лицензиялык талаптарды бузуулар аныкталганда, алар мөөнөтүнөн мурда жоюлса, лицензиат бул жөнүндө лицензиарга жазуу жүзүндө кабарлайт.
51. Реестрге бул тууралуу маалыматтар киргизилген күндөн тартып лицензиянын колдонулушу кайра жаңыртылды деп эсептелет.
52. Лицензиат лицензиянын колдонулушун кайра жаңыртуудан баш тартуу жөнүндө лицензиардын чачимине "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
14-глава. Лицензияны жокко чыгаруу
53. Лицензиардын лицензиянын колдонулушун токтото туруусуна алып келген себептер жоюлбаса, лицензиардын арызынын негизинде соттун чечими менен лицензия жокко чыгарылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
- Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндөЗакон · 31.07.2015 · № 210
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 14.12.2023 · № 678
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 64 "Банкроттук жана лицензиялык-уруксат берүү системасы жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым…Постановление · 08.07.2021 · № 64
- Жарандык процесстик кодексиКодекс · 29.12.1999 · № 146 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексиКодекс · 25.01.2017 · № 14