# КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-февралындагы № 62 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-февралындагы № 113 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана тейлөөлөрдүн инновациялык ыкмаларын киргизүү боюнча "Мамлекет платформа катары" пилоттук долбоорун ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-февралындагы № 62 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-февралындагы № 113 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана тейлөөлөрдүн инновациялык ыкмаларын киргизүү боюнча "Мамлекет платформа катары" пилоттук долбоорун ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 26.02.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158341>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20968/edition/1070169/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158341.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-февралындагы № 62 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-февралындагы № 113 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана тейлөөлөрдүн инновациялык ыкмаларын киргизүү боюнча "Мамлекет платформа катары" пилоттук долбоорун ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (25.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158341

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 26-февралы № 62 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-февралындагы № 113 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана тейлөөлөрдүн инновациялык ыкмаларын киргизүү боюнча "Мамлекет платформа катары" пилоттук долбоорун ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Мамлекет платформа катары" пилоттук долбоорун ишке ашыруу боюнча иш-чараларды аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-февралындагы № 113 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана тейлөөлөрдүн инновациялык ыкмаларын киргизүү боюнча "Мамлекет платформа катары" пилоттук долбоорун ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунун 7-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:

"11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы:

- 2021-жылдын 1-мартынан тартып 30-июнуна чейинки мезгилде "Мамлекет платформа катары" пилоттук долбоорун ишке ашырууну улантсын;

- пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашырылган учурда 2021-жылдын 30-июнуна чейинки мөөнөттө мамлекеттик санариптик платформа аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды туруктуу негизде көрсөтүүнүн тартибин караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына белгиленген тартипте киргизсин.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

У.А. Марипов
