# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-июнундагы № 50 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнундагы № 315 "Ишкердик субъекттерди каржылоо" программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-июнундагы № 50 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнундагы № 315 "Ишкердик субъекттерди каржылоо" программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158324>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20962/edition/1102213/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158324.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-июнундагы № 50 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнундагы № 315 "Ишкердик субъекттерди каржылоо" программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (30.06.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158324

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2021-жылдын 30-июну № 50 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнундагы № 315 "Ишкердик субъекттерди каржылоо" программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу "Ишкердик субъекттерди каржылоо" программасын ишке ашыруунун алкагында түшкөн каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнундагы № 315 "Ишкердик субъекттерди каржылоо" программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пунктунун 2-пунктчасынын экинчи сүйлөмүндөгү "каражаттарды Программага ылайык тандалып алынган коммерциялык банктар аркылуу ишкердик субъекттерге андан ары кредит берүүгө багыттасын" деген сөздөр "каражаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык андан ары колдонулууга тийиш" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

У.А. Марипов
