# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-июнундагы № 32 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Хирургиялык реконструктивдөө-калыбына келтирүү илимий борборун жоюу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-июнундагы № 32 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Хирургиялык реконструктивдөө-калыбына келтирүү илимий борборун жоюу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158307>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20952/edition/1087073/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158307.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-июнундагы № 32 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Хирургиялык реконструктивдөө-калыбына келтирүү илимий борборун жоюу жөнүндө" токтому (16.06.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158307

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 16-июну № 32 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Хирургиялык реконструктивдөө-калыбына келтирүү илимий борборун жоюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы илимий мекемелердин ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96 жана 97-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Хирургиялык реконструктивдөө-калыбына келтирүү илимий борбору жоюлсун.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Хирургиялык реконструктивдөө-калыбына келтирүү илимий борборун жоюу жол-жоболорун ишке ашыруу үчүн жоюу комиссиясын түзсүн;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 226 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Хирургиялык реконструктивдөө-калыбына келтирүү илимий борборунун уставын бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн илим чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 9-пункту.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 25-июнундагы № 73-74 жарыяланды

Төрага

У.А. Марипов
