Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Хирургиялык реконструктивдөө-калыбына келтирүү илимий борборун жоюу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 16-июну № 32 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Хирургиялык реконструктивдөө-калыбына келтирүү илимий борборун жоюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы илимий мекемелердин ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96 жана 97-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Хирургиялык реконструктивдөө-калыбына келтирүү илимий борбору жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Хирургиялык реконструктивдөө-калыбына келтирүү илимий борборун жоюу жол-жоболорун ишке ашыруу үчүн жоюу комиссиясын түзсүн;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 226 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Хирургиялык реконструктивдөө-калыбына келтирүү илимий борборунун уставын бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн илим чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 9-пункту.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 25-июнундагы № 73-74 жарыяланды
Төрага
У.А. Марипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн илим чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.11.2020 · № 554
- "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Хирургиялык реконструктивдөө-калыбына келтирүү илимий борборунун" УСТАВЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Устав · 19.04.2017 · № 226 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 226 2Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Хирургиялык реконструктивдөө-калыбына келтирүү илимий борборунун…Постановление · 19.04.2017 · № 226 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн илим чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.11.2020 · № 554
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 226 2Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Хирургиялык реконструктивдөө-калыбына келтирүү илимий борборунун…Постановление · 19.04.2017 · № 226 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15