# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 29
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158287>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20940/edition/1084541/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158287.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтому (14.06.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158287

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 14-июну № 29 Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин айрым маселелери жөнүндө "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү, маалыматтык технологияларды жана байланышты инновациялык өнүктүрүү фонду жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 314 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин атайын эсеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) токтомдун аталышындагы жана 1-пунктундагы "Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине" деген сөздөр "Санариптик өнүктүрүү министрлигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин атайын эсеби жөнүндө жободо:

- аталышындагы жана 1-пунктундагы "Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине" деген сөздөр «Санариптик өнүктүрүү министрлигине» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 4-пунктунда:

экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; үчүнчү абзацындагы "байланыш тармагын өнүктүрүүгө," деген сөздөр алып салынсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага

У.А. Марипов
