# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-июнундагы № 20 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-июнундагы № 20 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 04.06.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158286>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20939/edition/1110284/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158286.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-июнундагы № 20 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтому (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158286

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 4-июну № 20 Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин айрым маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

1

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

451

анын ичинде:

- борбордук аппараты

188

- ведомстволук бөлүмдөрү

40

- аймактык бөлүмдөрү

11

- Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык мекемелери

212

".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

1

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

186

анын ичинде:

- борбордук аппараты

29

- ведомстволук бөлүмдөрү

11

- аймактык бөлүмдөрү

5

- Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык мекемелери(\*)

141

";

- эскертүүнүн биринчи абзацындагы "55" деген цифралар "66" деген цифралар менен алмаштырылсын.

3. Бул токтомдун ишке ашырылышы бекитилген штаттык сандын жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине республикалык бюджеттин тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттарынын чегинде жүргүзүлөрү белгиленсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 11-июнундагы № 69 (3248) жарыяланды

Төрага

У.А. Марипов
