# КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 "Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 "Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 26
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158275>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20931/edition/1288309/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158275.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 "Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (21.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158275

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 493 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 27-январы № 26 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 "Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жарандарын коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен ооругандыгына байланыштуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алууда социалдык колдоо чараларын камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасында:

- жогоруда аталган Программанын 1-тиркемесинин II бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 17-пункт менен толукталсын:

"17. Лабораториялык изилдөө менен ырасталган жана ырасталбаган коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен ооругандар жана алар менен карым-катышта болгон адамдар.".

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрүшсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 5-апрелинен тартып күчүнө кирет.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу

А.Э. Новиков
