Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрелиндеги № 182 „Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү „бирдиктүү терезе“ принциби боюнча мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 24 ноября 2023 года № 621 "Об утверждении Положения о порядке взаимодействия между государственными органами при государственной регистрации (перерегистрации) юридических лиц, филиалов (представительств) по принципу "единого окна"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-11-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 621 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 19-майы № 10 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрелиндеги № 182 "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү каттоо (кайра каттоо) чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрелиидеги № 182 "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү терезе» принциби боюнча мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жободо:
- 11-пунктунун биринчи абзацы "аталышы" деген сөздөн мурда "фирмалык" деген сөз менен толукталсын;
- 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар маалыматтык эскерткичтерди даярдоого жана каттоочу органга зарыл болгон санда берүүгө милдеттүү. Юстиция органдары тарабынан "бирдиктүү терезе" принциби боюнча катталган юридикалык жактар, филиалдар жана (же) өкүлчүлүктөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана мөөнөттөрдө тиййштүү статистикалык жана башка отчетторду берүүдөн, салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү жана чегерүүлөрдү төлөөдөн бошотулушпайт. Юстиция органы тарабынан берилген мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк болгон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар аталган органдарда катталбастан экономикалык иш жүргүзүү үчүн администрациялык айыптарды салууга укугу жок.»;
- "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоодо, кайра каттоодо каттоочу орган менен тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенишүү схемасы» IV бөлүмүндө:
2 жана 8-пункттарындагы "Бишкек шаарынын юстиция башкармалыгы", "Чүй облусунун юстиция башкармалыгы" деген сөздөр "Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгы" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 6 жана 10-пункттарындагы "Ош облусунун юстиция башкармалыгы", "Ош шаарынын юстиция башкармалыгы" деген сөздөр "Ош юстиция башкармалыгы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобонун тиркемесинин 1-4, 34 жана 35-пункттары "аталышы" деген сөздөн мурда "фирмалык" деген сөз менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага
У.А. Марипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 621 "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик…Постановление · 24.11.2023 · № 621
- "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик (эсептик) каттоодо мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби…Положение · 23.04.2008 · № 182
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 621 "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик…Постановление · 24.11.2023 · № 621
- "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик (эсептик) каттоодо мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби…Положение · 23.04.2008 · № 182
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.