Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарын ээлөө үчүн кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилди)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-01-14.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 65 токтому менен бекитилди)
Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарын ээлөө үчүн кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Убактылуу жобо жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарын ээлөө үчүн кадрлар резервин (мындан ары - региондук резерв) түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартибин аныктайт.
2. Региондук резервдин максаты - жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын жана башчылардын орун басарынын кызмат ордуна квалификациялуу жана башкарууга даярдалган кадрларды тартуу.
3. Региондук резерв - районду белгилөө менен жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарын ээлөө үчүн талапкерлердин (резервдегилердин) тобу.
2. Региондук резервди түзүү тартиби
4. Региондук резервге тандоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө жобонун 8-пунктуна ылайык түзүлгөн Улуттук кадрлар резервине киргизүү үчүн конкурс өткөрүү боюнча комиссия (мындан ары - комиссия) тарабынан ишке ашырылат.
5. Региондук резерв Улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын, ошондой эле квалификациялык талаптарга шайкеш келген шартта региондук резервге киргизүү үчүн конкурска катышуу ниетин билдирген башка адамдардын арасынан түзүлөт.
Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарын ээлеген, аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча "ээлеген кызмат ордуна шайкеш келет, жогорулатууга сунушталат" деген бааны алган адамдар конкурстук тандоосуз Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан региондук резервге киргизилет.
6. Региондук резервге киргизүүгө конкурс Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы (мындан ары - МКК) тарабынан жарыяланат жана өткөрүлөт.
7. МКК тандоо өткөрүү жөнүндө тийиштүү акт чыккандан кийин эки жумуш күндүн ичинде бул маалыматты МККнын ведомстволук веб-сайтында жайгаштырат.
8. Тандоого катышуу ниетин билдирген адамдар МККга, комиссиянын төрагасынын атына арызын жана документтерин тапшырышат.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер берилет:
- жеке арызы;
- сүрөтү менен резюмеси;
- негизги жана кошумча билимин ырастаган документтердин нотариалдык жактан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
- эмгек китепчесинин нотариалдык жактан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
- паспортунун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).
9. МКК:
- документтерди кабыл алат;
- Улуттук кадрлар резервинде турган адамдардан тышкары конкурстун катышуучуларын тестирлөөнү уюштурат.
10. Комиссия берилген документтерди изилдөөнүн негизинде талапкерлердин белгиленген талаптарга шайкеш келүүсү жана аларды тестирлөөгө, ал эми Улуттук кадрлар резервинде турган адамдарды - аңгемелешүүгө жиберүү жөнүндө чечимди кабыл алат.
11. Региондук резервге талапкерлер жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундары үчүн мыйзамдарда белгиленген талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.
12. Улуттук кадрлар резервинде турбаган, региондук резервге тандоого катышуу ниетин билдирген адамдар МККда компьютердик тестирлөөдөн өтүшөт.
Компьютердик тестирлөө этаптары төмөнкүдөй бөлүнөт:
1) жалпы мыйзамдарды билүүсү;
2) талапкердин кесиптик маанилүү инсандык сапаттарын аныктоо.
Жалпы мыйзамдарды билүүсү боюнча компьютердик тестирлөөдөн өтүүдө баллдардын жалпы санынын 50 пайызынан төмөн эмес баллды алган талапкерлер талапкердин кесиптик маанилүү инсандык сапаттарын аныктоо үчүн компьютердик тестирлөө этабына жиберилет. Кесиптик маанилүү инсандык сапаттарды аныктоо үчүн компьютердик тестирлөөдө босоголук барьер белгиленбейт. Кесиптик маанилүү инсандык сапаттарды аныктоо үчүн компьютердик тестирлөөдөн өткөндөн кийин талапкерлер аңгемелешүүгө жиберилет. Тесттик тапшырмалардын саны, тесттик тапшырмаларга киргизилген ченемдик укуктук актылардын тизмеги МКК тарабынан аныкталат. Тестирлөөнүн натыйжалары протокол менен таризделет жана комиссиянын катчысына өткөрүл берилет.
13. Региондук резервге киргизүү үчүн компьютердик тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөндөн кийин талапкерлер аңгемелешүүдөн өтүшөт.
Аңгемелешүү комиссия тарабынан өткөрүлөт. Аңгемелешүүнүн натыйжалары боюнча комиссия талапкерди региондук резервге киргизүүгө сунуштоо же анын талапкерлигин четке кагуу жөнүндө чечимди кабыл алат. Комиссиянын ар бир мүчөсү талапкерди региондук резервдин курамына сунуштоого "макул" же "каршы" деген гана добуш бере алат. Комиссиянын чечими жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Талапкер добуштардын бирдей санына ээ болуп калган учурда, төраганын добушу чечүүчү болуп саналат. Комиссиянын жыйыны анын курамынын кеминде үчтөн экиси катышкан учурда укуктуу деп таанылат.
14. Региондук резерв комиссиянын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен бекитилет.
15. Ушул Убактылуу жобо менен жөнгө салынбаган тандоо өткөрүү боюнча маселелер комиссия тарабынан аныкталат.
3. Региондук резервден чыгаруу тартиби
16. Резервдеги адамдын региондук резервде туруу мөөнөтү эки жылды түзөт.
Региондук резервде турган адам белгиленген мөөнөткө чейин анын курамынан төмөнкү учурларда чыгарылат:
- региондук резервде турган адамдардын арасынан тандоонун натыйжалары боюнча тийиштүү бош административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлегенде;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо;
- соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз деп таанылганда;
- соттун айыптоочу өкүмү менен кызматчы катары иштөөгө же мамлекеттик кызматтын белгилүү кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынганда;
- өз арызын бергенде.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 "Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө" ТОКТОМУПостановление · 29.12.2016 · № 706 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 65 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына кадрлар…Постановление · 01.03.2021 · № 65 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Премьер-Министринин 2021-жылдын 28-апрелиндеги № 486 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарын ээлөө үчүн кадрлар…Распоряжение · 28.04.2021 · № 486
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз…Положение · 29.12.2016 · № 706 · Күчүн жоготкон