# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-майындагы № 15 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-январындагы № 26 "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-майындагы № 15 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-январындагы № 26 "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158267>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20926/edition/1188648/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158267.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-майындагы № 15 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-январындагы № 26 "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (01.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158267

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 422 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2021-жылдын 26-майы № 15 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-январындагы № 26 "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын түзүмүн жана штаттык санынын оптималдаштыруу, Бишкек шаарынын мэриясынын ишинин натыйжалуулугун, кабыл алынуучу чечимдердин оперативдүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын малекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-январындагы № 26 "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-февралындагы № 118 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-январындагы № 26 "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

У.А. Марипов

Тиркеме « Тиркеме Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги

№

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы

Штаттык бирдиктердин саны (техникалык жана тейлөө персоналысыз)

1

Бишкек шаардык кеңеш

37

2

Бишкек шаарынын мэриясы

1051

».
