# КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 202 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы № 674 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарда радиациялык контроль жүргүзүү тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 202 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы № 674 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарда радиациялык контроль жүргүзүү тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 202
- Кабыл алынган күнү: 04.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158263>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20924/edition/1063144/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158263.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 202 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы № 674 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарда радиациялык контроль жүргүзүү тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (04.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158263

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 4-майы № 202 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы № 674 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарда радиациялык контроль жүргүзүү тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарда радиациялык контроль жүргүзүү тартибин иретке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы № 674 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарда радиациялык контроль жүргүзүү тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы жана он жетинчи абзацтар менен толукталсын:

"- "Эркеч-Там-автожолу", Ош облусу, Алай району (Нур айылынан 4 км чыгышка карай);

- "Торугарт-автожолу", Нарын облусу, Ат-Башы району (Бишкек - Кашкар (КЭР) автожолунун 531-км.".

2. Радиациялык коопсуздукту камсыздоо боюнча саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып:

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган өткөрмө пункттарда радиациялык контроль жүргүзүүнү токтотсун;

- радиациялык контроль жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарды бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

У.А. Марипов
