Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Постановление Правительства КР «О проекте Закона Кыргызской Республики «О ратификации Соглашения между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Республики Узбекистан о создании Узбекско-Кыргызского Фонда развития, подписанного 11 марта 2021 года в городе Ташкент»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 4 майы, № 197
"2021-жылдын 11-мартында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- 2021-жылдын 11-мартында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2021-жылдын 11-мартында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - экономика жана финансы министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
У.Марипов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 11-мартында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу 1-берене. 2021-жылдын 11-мартында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзбек тарапка аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 197 токтому менен жактырылган
2021-жылдын 11-мартында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ 2021-жылдын 11-мартында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине жалпысынан ылайык келет, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге карама-каршы келбейт. Буга чейин Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 2021-жылдын 10-мартындагы № 6-3014/21 (Комитеттин төрагасынын 2021-жылдын 10-мартындагы № 6-696и/21 каты) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2021-жылдын 10-мартындагы № 6-2976/21 (Комитеттин төрагасынын 2021-жылдын 10-мартындагы № 6-684и/21 каты) чечимдери менен жактырылган. Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 56-б буйругу менен жактырылган. Макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Тараптар) Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташууга көмөктөшүү, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максатында Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун (мындан ары - Фонд) түзүшөт. Фонд Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана ишин жүзөгө ашырган чарбакер субъекттерге карыздарды берүү, капиталына катышуу жана башка финансылык инструменттерди пайдалануу аркылуу Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу секторлорунда өзүн-өзү актоочу долбоорлорду, анын ичинде төмөнкү тармактарда каржылоону жүзөгө ашырат:
- агроөнөр жай комплексинде;
- тигүү жана текстиль өнөр жайында;
- кайра иштетүү өнөр жайында;
- кен казуу жана металлургия өнөр жайында;
- транспортто;
- турак жай курулушунда;
- соодада;
- энергетика комплексинде;
- инфратүзүмдү өнүктүрүүдө;
- туризмде;
- жана башка секторлордо.
Фонддун уставдык капиталы кийин уставдык капиталды 200000000 (эки жүз миллион) АКШ долларына жеткирүү менен 50000000 (элүү миллион) АКШ долларын түзөт. Уставдык капиталга төлөөлөр Өзбекстан Республикасы тарабынан камсыз кылынат. Макулдашууда инвестициялар экспроприацияланбашы, улутташтырылбашы же ушуга окшош жыйынтыктарга ээ болгон чараларды көрүүнүн түз же кыйыр предмети болбошу керектигин аныктаган экспроприациялоо жөнүндө ченемдер камтылган. Ошондой эле Тараптардын ортосундагы талаш-тартыштарды консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен же Эл аралык арбитраждык сотко кайрылуу аркылуу чечүүнүн ченемдери белгиленген. Макулдашуунун ченемдери эки тараптуу экономикалык байланыштардын кеңейишине он таасирин тийгизет жана Өзбекстан Республикасынан Кыргыз Республикасына түз инвестициялардын агымынын көбөйүшүнө өбөлгө түзөт, бул өз кезегинде Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнүн 14-пунктуна, 11 жана 12-беренелерине ылайык Макулдашуу ратификацияланууга тийиш жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилет. Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир терс финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен кошумча каржылоону талап кылбайт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 7-июлундагы № 4714-VI "2021-жылдын 11-мартында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын…Постановление · 07.07.2021 · № 4714
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 30-июнундагы № 4689-VI “2021-жылдын 11-мартында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан…Постановление · 30.06.2021 · № 4689-VI
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 56-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду жөнүндө…Распоряжение · 10.03.2021 · № 56-р
- 2021-жылдын 11-мартында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү…Закон · 09.08.2021 · № 96
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон