# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 196 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 "Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 196 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 "Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 196
- Кабыл алынган күнү: 04.05.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158239>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20904/edition/1059946/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158239.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 196 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 "Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (18.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158239

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-мартындагы № 183 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ 2021-жылдын 4-майы № 196 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 "Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин аткаруу тууралуу отчетторду толук жана ишенимдүү түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 "Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускамада:

- 27-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталган мөөнөттөн кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин аткаруу тууралуу отчеттун курамындагы республикалык бюджетти аткаруу жөнүндө жылдык отчетко өзгөртүүлөрдү киргизүү.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 27-1-пункт менен толукталсын:

"27-1. Республикалык бюджетти аткаруу жөнүндө айлык, кварталдык отчетту түзүүдө зарыл болгон өзгөртүүлөр жана оңдоолор, аларды киргизүү зарылдыгын тастыктоочу документтерди тиркөө менен учурдагы отчеттук мезгилде жүргүзүлөт. Мамлекеттик бюджетти аткаруу тууралуу отчеттун курамындагы республикалык бюджетти аткаруу жөнүндө жылдык отчет түзүлгөндө өзгөртүүлөр жана оңдоолор, аларды киргизүү зарылдыгын тастыктоочу документтерди тиркөө менен отчеттук мезгилдин акыркы иш күнү менен киргизилет жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамында белгиленген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берүүгө чейинки мөөнөткө чейин уруксат берилет.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

У.А.Марипов
