Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 „Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 18 марта 2026 № 183 "Об утверждении Инструкции о процедурах уполномоченного государственного органа по прогнозированию и исполнению бюджета по ведению учета и отчетности"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-03-18.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-мартындагы № 183 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ 2021-жылдын 4-майы № 196 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 "Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин аткаруу тууралуу отчетторду толук жана ишенимдүү түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 "Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускамада:
- 27-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталган мөөнөттөн кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин аткаруу тууралуу отчеттун курамындагы республикалык бюджетти аткаруу жөнүндө жылдык отчетко өзгөртүүлөрдү киргизүү.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 27-1-пункт менен толукталсын:
"27-1. Республикалык бюджетти аткаруу жөнүндө айлык, кварталдык отчетту түзүүдө зарыл болгон өзгөртүүлөр жана оңдоолор, аларды киргизүү зарылдыгын тастыктоочу документтерди тиркөө менен учурдагы отчеттук мезгилде жүргүзүлөт. Мамлекеттик бюджетти аткаруу тууралуу отчеттун курамындагы республикалык бюджетти аткаруу жөнүндө жылдык отчет түзүлгөндө өзгөртүүлөр жана оңдоолор, аларды киргизүү зарылдыгын тастыктоочу документтерди тиркөө менен отчеттук мезгилдин акыркы иш күнү менен киргизилет жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамында белгиленген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берүүгө чейинки мөөнөткө чейин уруксат берилет.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
У.А.Марипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-мартындагы № 183 "Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсепке алууну жана…Постановление · 18.03.2026 · № 183
- Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө НУСКАМА (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Инструкция · 16.08.2017 · № 488 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-мартындагы № 183 "Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсепке алууну жана…Постановление · 18.03.2026 · № 183
- Постановление Правительства КР от 16 августа 2017 года № 488 "Об утверждении Инструкции о процедурах уполномоченного государственного органа по прогнозированию и исполнению…Постановление · 16.08.2017 · № 488 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон