# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-майындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын электрондук өз ара аракеттенүү субъекттеринин транс чек аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүсүндө электрондук документтерди ырастоо боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-майындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын электрондук өз ара аракеттенүү субъекттеринин транс чек аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүсүндө электрондук документтерди ырастоо боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 233
- Кабыл алынган күнү: 04.05.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.06.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158235>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20902/edition/1188701/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158235.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.06.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-майындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын электрондук өз ара аракеттенүү субъекттеринин транс чек аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүсүндө электрондук документтерди ырастоо боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары жөнүндө" токтому (01.06.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158235

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 4-майы № 233 Кыргыз Республикасынын электрондук өз ара аракеттенүү субъекттеринин транс чек аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүсүндө электрондук документтерди ырастоо боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2019-жылдын 30-апрелиндеги № 3 чечимин аткаруу максатында, Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы маалыматтык өз ара аракеттенүү жөнүндө протоколдун 20-пунктуна (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 3 тиркемеси), "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасындагы Кыргыз Республикасынын улуттук интеграцияланган сегментин модернизациялоого грант алуучу болуп аныкталсын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасы менен интеграциялоо үчүн маалыматтык системаларды модернизациялоого грант алуучу болуп аныкталсын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)

3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

6. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:

- Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2019-жылдын 30-апрелиндеги № 3 чечимине ылайык электрондук кол тамганын криптографиялык стандарттарынын улуттук сегментинин алкагында пайдаланылган учурда электрондук документтерди авторлоштурууну камсыздашсын;

- Евразия экономикалык бирлигинин укугуна ылайык интеграцияланган маалыматтык системанын ишенимдүү үчүнчү тарабынын кызматын пайдалануу менен авторлоштурулган электрондук документти берүүнү камсыздашсын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)

7. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2019-жылдын 30-апрелиндеги № 3 чечиминин 4-пунктунда каралган программалык каражаттарды маалыматты электрондук түрдө документтештирүүнүн жалпы инфраструктурасынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик компонентинин операторуна берүүнү камсыздасын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)

8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 15-майындагы № 38 жарыяланды

9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык бирлигиндеги иштер жана интеграциялык процесстер боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
