Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2021-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 24 июня 2022 года № 335 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-06-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ 2021-жылдын 4-майы № 206 2021-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө
2021-жылы расмий статистиканы даярдоо жана жайылтуу максатында, «Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылга статистикалык программа (мындан ары – Программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомство, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана чарбакер субъекттер (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин тиешелүү органдарына административдик жана жеке маалыматтарды Программада каралган мөөнөттөрдө беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги статистикалык иштерди «Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин каражаттарынын чегинде каржыласын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-ноябрындагы № 519 «2019-жылга статистикалык иштердин программасын бекитүү жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-декабрындагы № 656 «2020-жылга статистикалык иштердин программасын бекитүү жөнүндө» токтому.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
У.А.Марипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-ноябрындагы № 519 "2019-жылга статистикалык иштердин программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.11.2018 · № 519 · Күчүн жоготкон
- 2019-жылга карата статистикалык иштердин ПРОГРАММАСЫ (Кыргыз Республи- касынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-ноябрындагы N 519 токтому менен беки- тилген)Программа · 02.11.2018 · № 519 · Күчүн жоготкон
- КР 2017-жылдын 4 декабрындагы № 656 "2020-жылга статистикалык иштердин программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.12.2019 · № 656 · Күчүн жоготкон
- 2020-жылга статистикалык иштердин ПРОГРАММАСЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-декабрындагы № 656 токтомуна)Программа · 04.12.2019 · № 656 · Күчүн жоготкон
- 2021-жылга статистикалык программа (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 206 токтомуна тиркеме )Программа · 04.05.2021 · № 206 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Расмий статистика жөнүндөЗакон · 08.07.2019 · № 82
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-ноябрындагы № 519 "2019-жылга статистикалык иштердин программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.11.2018 · № 519 · Күчүн жоготкон
- КР 2017-жылдын 4 декабрындагы № 656 "2020-жылга статистикалык иштердин программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.12.2019 · № 656 · Күчүн жоготкон