# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 189 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын Ош жылуулук берүү ишканасын Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 189 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын Ош жылуулук берүү ишканасын Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 189
- Кабыл алынган күнү: 04.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158233>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20900/edition/1063829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158233.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 189 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын Ош жылуулук берүү ишканасын Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (04.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158233

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 4-майы № 189 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын Ош жылуулук берүү ишканасын Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын Ош жылуулук берүү ишканасын Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-пунктунун үчүнчү абзацындагы ", ошондой эле жылуулук берүүнүн аталган ишканасынан жылуулук энергиясын алган калкка республикалык бюджетте жыл сайын каралуучу дотациялардын (субсидиялардын)" деген сөздөр алып салынсын;

2) 4-пунктунун үчүнчү абзацындагы "жана тиешелүү финансылык жылга бюджеттин долбоорун түзүүдө Ош жылуулук берүү ишканасынын жылуулук энергиясын иштеп чыгуусу жана жөнгө салынуучу мамлекеттик тариф боюнча калкка берүүсү менен байланышкан чыгашаларды компенсациялоо үчүн чыгымдарды Ош шаарынын мэриясы үчүн карап турсун" деген сөздөр алып салынсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 21-майындагы N 62 жарыяланды

Премьер-министр

У.А. Марипов
