# КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-апрелиндеги № 163 "2021-жылдын 1-июнунан тартып 31-декабрына чейинки мезгилде транспорт каражаттарын мамлекеттик кайра каттоо боюнча улуттук кампанияны өткөрүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-апрелиндеги № 163 "2021-жылдын 1-июнунан тартып 31-декабрына чейинки мезгилде транспорт каражаттарын мамлекеттик кайра каттоо боюнча улуттук кампанияны өткөрүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 22.04.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158230>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20897/edition/1061973/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158230.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-апрелиндеги № 163 "2021-жылдын 1-июнунан тартып 31-декабрына чейинки мезгилде транспорт каражаттарын мамлекеттик кайра каттоо боюнча улуттук кампанияны өткөрүү жөнүндө" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158230

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 22-апрели № 163 2021-жылдын 1-июнунан тартып 31-декабрына чейинки мезгилде транспорт каражаттарын мамлекеттик кайра каттоо боюнча улуттук кампанияны өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 27 "Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:

- 2021-жылдын 1-июнунан тартып 31-декабрына чейинки мезгилде жеке жана юридикалык жактардын транспорт каражаттарын жыйымдын нөлдүк ставкасы менен мамлекеттик кайра каттоо боюнча улуттук кампанияны өткөрсүн;

- аталган мөөнөттө транспорт каражаттарын мамлекеттик кайра каттоо боюнча улуттук кампанияны өткөрүү жөнүндө маалыматтык кампанияны жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Интернет-ресурстарында уюштурсун.

2. 2021-жылдын 1-июнунан тартып 31-декабрына чейин транспорт каражаттарын мамлекеттик кайра каттоо боюнча улуттук кампанияны өткөрүү мезгилинде:

- жеке жана юридикалык жактардын транспорт каражаттарын мамлекеттик кайра каттоо үчүн жыйымдын ставкасы нөл пайыздык өлчөмдө белгиленсин;

- транспорт каражаттарын кайра каттоо үчүн алынган жыйымдын өлчөмү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтому менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринин 68-пунктун колдонуу токтотулсун.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

У.Марипов
