# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 184 "Социалдык жактан маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 184 "Социалдык жактан маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 04.05.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158219>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20889/edition/1066666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158219.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 184 "Социалдык жактан маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө" (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158219

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ 2021-жылдын 4-майы № 184 Социалдык жактан маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө Дүйнө жүзүндө түзүлгөн эпидемиялык кырдаалга байланыштуу калкка социалдык жактан маанилүү тамак-аш продуктуларынын экономикалык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Максималдуу үстөктү белгилөө менен төмөнкү социалдык жактан маанилүү тамак-аш продуктуларына 90 календардык күндүк колдонуу мөөнөтү менен бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилсин:

1) өсүмдүк күн карама майы;

2) кум шекер.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 токтому менен бекитилген Социалдык жактан маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибине ылайык аталган тамак-аш продуктуларына бааларды мамлекеттик жөнгө салуу боюнча чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып жети күндөн кечиктирбей Евразия экономикалык комиссиясын жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерди белгиленген тартипте кабарласын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага

У.А.Марипов
