# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майы № 181 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борборунун ишин тартипке келтирүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майы № 181 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борборунун ишин тартипке келтирүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 181
- Кабыл алынган күнү: 04.05.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158214>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20886/edition/1123088/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158214.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майы № 181 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борборунун ишин тартипке келтирүү жөнүндө" токтому (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158214

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2021-жылдын 4-майы № 181 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борборунун ишин тартипке келтирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмүн оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87 жана 92-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борбору" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борбору" мамлекеттик ишканасы болуп кайра түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борбору" мамлекеттик ишканасынын уставы ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-сентябрындагы № 491 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борбору" мамлекеттик мекемесин кайра уюштуруу жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

У.Марипов

Тиркеме

"2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ
