# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 30-апрелиндеги № 176 "Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 30-апрелиндеги № 176 "Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 176
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158213>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20885/edition/1138085/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158213.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 30-апрелиндеги № 176 "Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө" токтому (22.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158213

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2021-жылдын 30-апрели № 176 Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 152 токтомунун редакциясына ылайык)

Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу, Кыргыз Республикасында калктын социалдык жактан аялуу катмарына колдоо көрсөтүү, "COVID-19" коронавирустук инфекциянын алдын алууга жана жайылышына бөгөт коюуга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: (Преамбула Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 152 токтомунун редакциясына ылайык)

1. 2021-жылдын 1-апрелинен 2022-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан импорттолуучу (ташып киргизилүүчү) кум шекерди (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1701 коду) жана рафинаддалган өсүмдүк майын (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1512 коду) салык салынуучу импорт боюнча кошумча наркка нөл (0) пайыз өлчөмүндө салык ставкасы белгиленсин.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 152 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

У.А.Марипов
