# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155 "Экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155 "Экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 20.04.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158207>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20882/edition/1094420/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158207.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155 "Экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158207

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 368 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2021-жылдын 20-апрели № 155 Экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 573 токтомунун редакциясына ылайык)

Экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген жалпыга кыргын салуучу куралды таркатпоо жаатындагы эл аралык келишимдердин талаптарына шайкеш келтирүү, экспорттук контролдун кыйла натыйжалуу системасын түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-майындагы № 330 "Экспорттук контролдун улуттук системасын Кыргыз Республикасында ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 2-пункту "Экономика" деген сөздөн кийин "жана финансы" деген сөздөр менен толукталсын;

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча комиссия жөнүндө жободо:

1-пунктунун төртүнчү абзацы: "Экономика" деген сөздөн кийин "жана финансы" деген сөздөр менен толукталсын;

- 4-пунктунун төртүнчү абзацындагы:

"Экономика министри" деген сөздөр "экономика жана финансы министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Экспорттук контролдонууга тийиш продукциялардын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзитине уруксат берүү тартиби күчүн жоготту деп таанылсын.

2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 573 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 30-апрелиндеги № 38 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

У.Марипов
