# Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 160 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 160 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 21.04.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158184>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20875/edition/1160493/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158184.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 160 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (11.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158184

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №125 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ 2021-жылдын 21-апрели № 160 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 17-августундагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык кошумча нарк салыгын кайтарып берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобо;";

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет мамлекеттердин дипломаттык өкүлчүлүктөрүнө, консулдук мекемелерине жана аларга теңештирилген эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрүн кошкондо алардын кызматкерлерине кошумча нарк салыгын кайтарып берүү тартиби жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

У.А.Марипов
