Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айыл аймагында жайгашкан жерлерди алмаштыруу жана „Айыл чарба багытындагы жерлер“ категориясынан „Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер“ категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ 2021-жылдын 14-апрели № 144 Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айыл аймагында жайгашкан жерлерди алмаштыруу жана "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө Автомагистраль куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 505, 506 жана 507-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 15 жана 20-беренелерине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы № ЭА-05-904 корутундусун, Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 4-июнундагы № 179-б чечимин, Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айыл аймагында жайгашкан № 25, № 26, № 105 контурларындагы жер участокторунун менчик ээлеринин макулдугун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн автомагистраль куруунун, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айыл аймагында жайгашкан № 25, № 26, № 105 контурлардагы жеке менчикте турган жалпы аянты 8,09 га (сугат айдоо) жер участогун Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун № 67, № 76 контурларда жайгашкан жер участокторуна алмашуу келишиминин шартында сатып алуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясы:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторунун (№ 25, № 26, № 105 контурлардагы) ээлеринин менчигине Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айыл аймагында жайгашкан № 67, № 76 контурлардагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна таандык болгон бирдей жер участокторун берүү менен алмашуу келишиминин негизинде ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыгуучу алмашуу келишимин түзсүн жана жеке менчикте турган жер участокторун мамлекеттик менчикке кабыл алсын;
- алмашуу келишимин каттоону жана № 25, № 26, № 105 контурлардагы жер участокторун мамлекеттик менчикке өткөрүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айыл аймагындагы № 21 (0,07 га), № 25 (2,43 га), № 26 (2,85 га), № 67 (3,82 га), № 71 (1,93 га), № 76 (2,02 га), № 105 (1,08 га) контурларда жайгашкан жалпы аянты 14,20 га сугат айдоо жерлери "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).
4. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси, экология жана аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук жана контролдук иштер бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 20-апрелиндеги N 35 жарыяланды
Премьер-министр
У.А.Марипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Граждандык Кодекси II бөлүгүКодекс · 05.01.1998 · № 1