# Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-апрелиндеги № 162 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-апрелиндеги № 162 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 162
- Кабыл алынган күнү: 22.04.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158174>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20868/edition/1146158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158174.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-апрелиндеги № 162 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158174

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ 2021-жылдын 22-апрели № 162 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2026-жылдын 8-июлундагы № 466 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Мамлекеттик кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруунун айрым маселелерин жөнгө салуучу механизмдерди андан ары өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөр тиркемеге ылайык киргизилсин.

2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 466 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

У.А.Марипов

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине киргизилүүчү өзгөртүүлөр (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2026-жылдын 8-июлундагы № 466 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 466 токтомуна ылайык күчүн жоготту).

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 631 “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жободо:

- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“6. Комиссиянын түзүмү жана курамы ТИМдин жетекчиси тарабынан бекитилет. Комиссиянын курамына добуш берүү укугу менен, милдеттүү түрдө төмөнкүлөр киргизилет:

- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү;

- жарандык коомдун институттарынын өкүлдөрү жана ТИМдин иш чөйрөсүнүн ардагерлери (макулдашуу боюнча).”.

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_
