Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын жарандарынын2020-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ 2021-жылдын 12-апрели № 142 Кыргыз Республикасынын жарандарынын2020-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун, дипломаттык жана кызматтык паспортторун Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүү максатында, «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 «Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө жободо:
- 6 жана 7-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) – Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу тексттик жана машина менен окула турган түрдөгү маалыматы бар документ. ID-карта Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде колдонулат;
- идентификациялык карта – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) – Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу тексттик, машина менен окула турган жана электрондук түрдөгү маалыматы, паспорттун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган кошо коюлган электрондук чиби бар документ. ID-карта Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде колдонулат;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту – Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу, Кыргыз Республикасына(н) кирүүгө/чыгууга укук берүүчү, тексттик жана машина менен окула турган түрдөгү маалыматы бар документ;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту - Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу, Кыргыз Республикасына(н) кирүүгө/чыгууга укук берүүчү, тексттик, машина менен окула турган жана электрондук түрдөгү маалыматы, паспорттун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган кошо коюлган электрондук чиби бар документ;
- Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын үлгүсүндөгү дипломаттык жана кызматтык паспорттору Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынан чыгууда, анын чегинен тышкары убактылуу болууда жана Кыргыз Республикасына кирүүдө Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу, тексттик жана машина менен окула турган түрдөгү маалыматы бар документтерден болуп эсептелет;
Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү дипломаттык жана кызматтык паспорттору Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынан чыгууда, анын чегинен тышкары убактылуу болууда жана Кыргыз Республикасына кирүүдө Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу, тексттик, машина менен окула турган жана электрондук түрдөгү маалыматы, паспорттун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган кошо коюлган электрондук чиби бар документтерден болуп эсептелет.
7. Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун сүрөттөлүштөрү жана үлгүлөрү калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.».
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. 2021-жылдын 1-майынан тартып төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарына 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторду жекелештирүү жана берүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынан документтерди кабыл ала тургандыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын жарандарына 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторду жекелештирүү жана берүү үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынан документтерди кабыл ала тургандыгы;
- Кыргыз Республикасынын жарандарына 2020-жылдын үлгүсүндөгү дипломаттык жана кызматтык паспортторду жекелештирүү жана берүү үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынан документтерди кабыл ала тургандыгы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык, дипломаттык жана кызматтык паспортторунун Кыргыз Республикасында пайдаланууга берилгендиги жөнүндө чет мамлекеттерди маалымдоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б буйругу менен түзүлгөн Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүндө, консулдук мекемесинде идентификациялык картаны – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын
2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышын өзгөртүү жагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуштарды ыкчам тартипте киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүндө, консулдук мекемесинде идентификациялык картаны – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун берүү боюнча стандарттарды өзгөртүү жагында «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б буйругу менен түзүлгөн Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүндө, консулдук мекемесинде идентификациялык картаны – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышын өзгөртүү жагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушун ыкчам тартипте карап чыксын.
8. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүндө, консулдук мекемесинде идентификациялык картаны – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышын өзгөртүү жагында «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
9. Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорттору Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан ушул паспорттордун бланктары аяктаганга чейин бериле тургандыгы белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасына Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык, дипломаттык жана кызматтык паспортторун жекелештирүүгө ыйгарым укук берилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
12. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
У.А.Марипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (10)
- "Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 токтому менен бекитилген)Положение · 03.04.2017 · № 196
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 142 токтомуна)Положение · 12.04.2021 · № 142
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июну № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.06.2021 · № 17
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери…Постановление · 12.04.2024 · № 167
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 306 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 142 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2020-жылдын…Постановление · 17.12.2021 · № 306
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637 "Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик документтерди пайдаланууну киргизүү максатында Кыргыз…Постановление · 18.11.2022 · № 637
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-ноябры № 591 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 03.11.2023 · № 591
- "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы…Инструкция · 21.04.2017 · № 238 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" жобосу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128…Постановление · 01.04.2021 · № 128 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти ( КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-ж. “17” августундагы № 3-д буйругуна)Приложение · 17.08.2023 · № 3-д
Шилтеме берет (8)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө" токтомуПостановление · 03.04.2017 · № 196
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери…Постановление · 12.04.2024 · № 167
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик…Постановление · 10.02.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системаланган реестрин (тизмесин) түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия боюнча)…Распоряжение · 31.05.2011 · № 191-р · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык…Постановление · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
8 ичинен 7 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 21.04.2017 · № 238 · Күчүн жоготкон