# КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 158 "Мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларацияны берүү тартиби тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 158 "Мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларацияны берүү тартиби тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 158
- Кабыл алынган күнү: 20.04.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158160>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20860/edition/1057984/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158160.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 158 "Мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларацияны берүү тартиби тууралуу" токтому (17.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158160

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-июлундагы № 364 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 20-апрели № 158 Мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларацияны берүү тартиби тууралуу «Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларацияны толтуруу жана күбөлөндүрүү тартиби, 1-тиркемеге ылайык;

2) мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларациянын бланкынын формасы, 2-тиркемеге ылайык;

3) Мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо объекттеринин классификатору, 3-тиркемеге ылайык.

2. Ыктыярдуу декларациялоо объектин декларантка кайра тариздөө Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык таризделген, декларациялануучу мүлктү менчикке акысыз өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин негизинде ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги ыктыярдуу декларациялоо үчүн милдеттенмелер боюнча акча каражаттарын эсепке киргизүү үчүн Бирдиктүү казыналык эсеп системасында эсеп ачсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-июлундагы № 425 «Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларацияны берүүнүн тартиби жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

У.А. Марипов

1-тиркеме

Мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларацияны толтуруу жана күбөлөндүрүү тартиби

## 1-глава. Жалпы жоболор

1. Ушул Тартип «Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасында ыктыярдуу декларациялоо объекттери бар жеке адамдар тарабынан 2020-жылдын 1-январына чейин алган кирешелеринин эсебинен түзүлгөн жана/же сатып алынган мүлктү жана кирешелерди салыктык, бажылык төлөмдөрдү, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү тиешелүү төлөөсүз ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларацияны толтуруунун тартибин аныктайт.

## 2-глава. Мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо

жөнүндө декларацияны толтуруу тартиби

2. Мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларация (мындан ары – Декларация) декларант же анын мыйзамдуу өкүлү тарабынан декларанттын ким экендигин күбөлөндүрүүчү, мыйзамдуу өкүлүнүн ким экендигин күбөлөндүрүүчү, декларанттын мыйзамдуу өкүлүнүн укугун ырастоочу документтердин маалыматтарына ылайык толтурулат.

3. Декларацияны толтурууда оңдоолорго, кырып өчүрүүлөргө жана сызып оңдоолорго, арифметикалык каталарга жол берилбейт.

4. «Бланкты берген жана декларацияны күбөлөндүргөн органдын аталышы» деген сапта декларацияны күбөлөндүргөн декларанттын жашаган же катталган жери боюнча мамлекеттик нотариалдык конторанын аталышы көрсөтүлөт.

5. «Декларанттын аты-жөнү» деген сапта декларанттын аты-жөнү толугу менен көрсөтүлөт.

6. «Декларанттын ИСН (ИЖН)» деген сапта калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан ыйгарылган декларанттын идентификациялык салык номери же идентификациялык жеке номери көрсөтүлөт.

7. «Жашаган жери же катталган жери» деген сапта декларанттын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документке ылайык эсептик каттоо дареги көрсөтүлөт.

8. «Декларанттын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин маалыматтары» деген тиешелүү саптарда декларанттын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин сериясы, номери, берилген күнү жана документти берген мамлекеттик органдын аталышы көрсөтүлөт.

9. «Ыктыярдуу декларациялоо объекттеринин декларациялануучу наркынын жыйынтыгы» деген сапта тиркеменин «Жыйынтыгы» сабына ылайык декларациялануучу мүлктүн жана/же кирешелердин наркынын жалпы суммасы (цифралар жана жазуу жүзүндө) көрсөтүлөт.

10. «Декларациянын тиркемелери берилди («X» белгиси менен тийиштүү уячалар белгиленет)» деген сапта «X» белгиси менен декларациянын тийиштүү тиркемелеринин уячаларынын жанындагы уячалар белгиленет, бул декларациянын белгиленген тиркемелери күбөлөндүрүү үчүн берилгендигин билдирет.

## 3-глава. Мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо

жөнүндө декларациянын тиркемесин толтуруу тартиби

11. Декларациянын тиркемелери Мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо объекттеринин классификаторуна (мындан ары – Классификатор) ылайык толтурулат.

12. 1-графада ыктыярдуу декларациялоо объектисинин катар номери көрсөтүлөт.

13. 2-графада ыктыярдуу декларациялоо объектисинин түрү көрсөтүлөт.

14. 3-графада Классификаторго ылайык мүлктүн толук аталышы көрсөтүлөт же ыктыярдуу декларациялоо объектисинин кыскартылган аталышы менен Классификатордун тиешелүү коду көрсөтүлөт.

15. 4-графада ыктыярдуу декларациялоо объектиси сатып алынган жыл көрсөтүлөт.

16. 5-графада мүлк объектисине укук белгилөөчү же укук күбөлөндүрүүчү документтин реквизиттери, анын ичинде кыймылсыз мүлк объектисинин идентификациялык коду, жерди пайдалануу актысынын номери жана сериясы, акцияларды чыгаруу номери жана сериясы, сатып алуу-сатуу, белекке берүү, карызга берүү, ижарага берүү, алмашуу келишиминин, мурастоо жөнүндө күбөлүктүн, автотранспорттун техникалык паспортунун, чарбалык шериктештиктеги же коомдогу үлүшкө уюмдаштыруу келишиминин номери жана датасы көрсөтүлөт.

17. 6 жана 7-графаларда тиешелүү өлчөө бирдигинде берилген декларациялануучу кирешелердин жана/же мүлктүн саны жана/же аянты көрсөтүлөт.

18. 8-графада укук белгилөөчү документтердин негизинде акча каражаттарынан тышкары сатып алган күнгө карата мүлк объекттеринин наркы, ал эми алар жок болсо же аларда активдердин наркы жок болгон учурда – декларанттын өз алдынча баалоосунун негизинде сатып алган күнгө карата улуттук валютада берилген базар баалары боюнча көрсөтүлөт.

19. 9-графада мүлк объекттеринин наркы көрсөтүлөт. Декларациялануучу мүлктүн наркын баалоо декларант тарабынан укук күбөлөндүрүүчү жана укук белгилөөчү документтердин маалыматтарына ылайык же декларант тарабынан таризделген, бул мүлккө укуктарга ээ болууга келишимде көрсөтүлгөндөн айырмаланган мүлктү сатып алуунун иш жүзүндө төлөнгөн (реалдуу) наркы боюнча жүргүзүлөт.

Эгерде мүлктү сатып алууга каражаттардын келип чыгуу булактары жана/же мүлктүн наркы сатып алуу күнүнө же ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү башталган күнгө карата документ түрүндө ырасталбаса, декларант декларация толтурулган күнгө карата өз алдынча баалайт. Акча каражаттары суммардык түрдө көрсөтүлөт. Чет элдик валютадагы акча каражаттары декларация толтурулган күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча сом менен көрсөтүлөт.

20. 10-графада ыктыярдуу декларациялануучу объекттин жайгашкан жеринин дареги же каттоо маалыматтары көрсөтүлөт.

## 4-глава. Декларацияны күбөлөндүрүү тартиби

21. Декларация декларант же анын мыйзамдуу өкүлү тарабынан анын жашаган же катталган жери боюнча мамлекеттик нотариалдык конторага күбөлөндүрүү үчүн берилет.

22. Декларация бланкына декларант же анын мыйзамдуу өкүлү мамлекеттик нотариустун катышуусунда кол коёт. Мамлекеттик нотариус декларанттын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн кол тамгасын белгиленген тартипте күбөлөндүрөт.

23. Мамлекеттик нотариус декларанттын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусунда декларациядагы декларант жөнүндө маалыматтардын анын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документке шайкештигин гана текшерет, ошондой эле декларациядагы кол тамгасынын аныктыгын күбөлөндүрөт жана Декларациялардын реестрине декларациянын жеке катар номерин, декларациялоо күнүн жана бул декларацияны берген адамдын жеке маалыматтарын киргизет. Декларациядагы суммалар белгиленген декларациялык чектен ашып кеткен учурда декларациялык төлөмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанциянын жана/же мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу жөнүндө документтин бар экендигин текшерет.

24. Декларацияларды күбөлөндүрүү жол-жобосун ишке ашырган мамлекеттик нотариустар ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү аяктагандан кийин бир айдын ичинде кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациянын жеке катар номерин, декларациялоо күнүн жана декларацияны берген адамдын жеке маалыматтарын, ошондой эле 2020-жылдын 4-декабрындагы № 5 «Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык милдеттенмелерди көрсөтүү менен Ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларациялардын реестрин түзөт жана чапталган конвертте Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине берет.

Мамлекеттик нотариалдык контора Кыргыз Республикасынын нотариат жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык декларант тарабынан берилген документтердин көчүрмөлөрүн сактоону камсыз кылат.

25. Мамлекеттик нотариалдык контора тарабынан күбөлөндүрүлгөн декларация декларантта сакталат.

2-тиркеме

Приложение 2

№ 000000

Бланкты берген жана декларацияны күбөлөндүргөн органдын аталышы/ Наименование органа, выдавшего бланк и заверившего декларацию \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларация Декларация о добровольном декларировании имущества и доходов (жалгыз нуска, единственный экземпляр)

Декларанттын аты-жөнү/Фамилия, имя, отчество декларанта: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Декларанттын ИСН (ИЖН)/ИНН (ПИН) декларанта: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Жашаган жери/катталган жери: Место жительства/регистрации: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Декларанттын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин маалыматтары/ Данные документа, удостоверяющего личность декларанта: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Сериясы/Серия:\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Номери/Номер:\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Ким тарабынан берилген/Выдан:\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Берилген күнү Дата выдачи:\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

ЫКТЫЯРДУУ ДЕКЛАРАЦИЯЛОО ОБЪЕКТТЕРИНИН ДЕКЛАРАЦИЯЛАНУУЧУ НАРКЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ 1 ИТОГО ДЕКЛАРИРУЕМАЯ СТОИМОСТЬ ОБЪЕКТОВ ДОБРОВОЛЬНОГО ДЕКЛАРИРОВАНИЯ 1 1- 1-тиркеменин «жыйынтыгы» сапчаларынын суммасы цифралар жана жазуу жүзүндө көрсөтүлөт 1- указывается сумма строчек «итого» приложения 1 цифрами и прописью

Мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларациянын тиркемелери берилди ( тийиштүү уячаларды «Х» белгиси менен белгилегиле )

Представлены приложения к декларации о добровольном декларировании имущества и доходов (отметьте знаком «Х» соответствующие ячейки )

Тиркеме Приложение

Декларанттын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ Документ, удостоверяющий личность декларанта

Өкүлдүн ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ Документ, удостоверяющий личность представителя

Ыктыярдуу декларациялоо үчүн тиешелүү төлөмдүн төлөгөндүгүн ырастоочу төлөм документтери Платежные документы, подтверждающие уплату соответствующих платежей за добровольное декларирование

Декларанттын өкүлүнүн укугун ырастоочу документ Документ, подтверждающий права представителя декларанта

Декларанттын декларациялануучу мүлк объекттерине мүлк объекттерине жана кирешелерине менчик укугун ырастоочу документтер Документы, подтверждающие право собственности декларанта на декларируемые объекты имущества и доходов

Декларация толтурулган күнгө чейин декларанттын аталган банктагы эсебинде жайгаштырылган акча каражаттарынын суммасын ырастоочу банктын маалым каты Справка банка, подтверждающая сумму денежных средств, размещенных на счете декларанта в данном банке до даты заполнения декларации

Деклараттын колу

Подпись декларанта

Мамлекеттик Нотариус

Государственный нотариус

Мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларациянын тиркемеси Приложение к декларации о добровольном декларировании имущества и доходов

ЫКТЫЯРДУУ ДЕКЛАРАЦИЯЛОО ОБЪЕКТТЕРИНИН МААЛЫМАТТАРЫ ДАННЫЕ ОБЪЕКТОВ ДОБРОВОЛЬНОГО ДЕКЛАРИРОВАНИЯ

№

Ыктыярдуу декларациялоо объектисинин түрү (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк)

Вид объекта добровольного декларирования (движимое и недвижимое имущество)

Ыктыярдуу декларациялоо объектиси-нин аталышы

Наимено-вание объекта доброволь-ного деклариро-вания

Сатып алган жылы

Год приобрете- ния

Техникалык паспорттун идентифика-циялык коду

Идентифи-кационный код технического паспорта

Өлчөө бирдиги

Единица измерения

Жалпы аянты

Общая площадь

Наркы1, сом Стоимость, сом

Ыктыярдуу декларациялоо объектисинин жайгашкан жери (дареги) жана/же каттоо маалыматтары

Место нахождения (адрес) и/или регистрационные данные2 объекта добровольного декларирования

Сатып алган күнгө карата

На дату приобре-тения

Декларация- ны күбөлөн-дүрүү күнүнө карата

На дату заверения деклара-ции

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

БАРДЫГЫ ИТОГО

X

X

X

X

X

X

1. Документтик ырастоо болбогон учурда декларацияны күбөлөндүрүү күнүнө карата базар (баалоо) наркы көрсөтүлөт.

1. В случае отсутствия документарного подтверждения, указывается рыночная (оценочная) стоимость на дату заверения декларации.

2. Транспорт каражаты жөнүндө маалыматтар (маркасы, модели, чыккан жылы, кузовдун көлөмү жана каттоо номери).

2. Сведения о транспортном средстве (марка, модель, год выпуска, объем и регистрационный номер кузова).

Декларанттын колу Подпись декларанта

Мамлекеттик нотариус Государственный нотариус

Колу, мөөр Подпись, печать

3-тиркеме

Мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо объекттеринин КЛАССИФИКАТОРУ

I. Кыймылдуу мүлктүн классификатору

Коду

Аталышы

001

Жеңил автомобилдер, жеңил автомобилдердин базасындагы фургондор жана пикаптар

002

Жүк ташуучу автомобилдер, автобустар, кичи автобустар

003

Өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер: тракторлор, комбайндар, жол куруучу машиналар

004

Айыл чарба өндүрүшүндө колдонулуучу өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер (тракторлор жана комбайндар)

005

Мотоциклдер, мотороллерлер, мопеддер, моточаналар жана моторлуу кайыктар, катерлер, кораблдер, теплоходдор

006

Яхталар жана суу мотоциклдери

007

Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы бар же ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жок башка каралбаган транспорт каражаттары

008

Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана баланстык наркы жоктор

009

Аба транспорту

010

Транспорт каражаттарынан сырткары башка транспорт каражаттары, өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер

011

Эмерек

012

Фото, аудио жана видеотехника

013

Компьютерлер жана уюштуруу техникасы

014

Тиричилик техникасы

015

Бодо мал

016

Кой-эчкилер

017

Жылкылар

018

Үй канаттуулары

019

Чочколор

020

Аарылар

021

Жогоруда көрсөтүлбөгөн башка жандыктар

022

Облигация

023

Вексель

024

Чек

025

Депозиттик жана сактык сертификаттары

026

Банктык сактык китепче

027

Коносаменттер

028

Акциялар

029

Баалуу кагаздар жана талап кылуу укугу жайылтылган чарбалык субъекттердин уставдык капиталындагы башка мүлктүк укуктар

030

Жогоруда көрсөтүлбөгөн башка баалуу кагаздар

031

Баалуу металлдар

032

Баалуу металлдардан жана жарым-жартылай баалуу металлдардан, асыл таштардан жана таштардан жасалган зер буюмдары

033

Маданий баалуулукка ээ менчик

034

Белгиленген тартипте байыркы деп таанылган предметтер

035

Кыймылдуу мүлктүн жогоруда көрсөтүлбөгөн башка түрлөрү

036

Дан жана дан буурчак өсүмдүктөрү

037

Тоют өсүмдүктөрү

038

Картошка

039

Жемиштер

040

Өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн жогоруда көрсөтүлбөгөн башка түрлөрү

II. Кыймылсыз мүлктүн классификатору

Код

Аталышы

001

Үй

002

Квартира

003

Дача үйү

004

Пансионат

005

Эс алуу үйү

006

Санаторий

007

Курорт

008

Өндүрүштүк имарат/курулма

009

Административдик имарат/курулма

010

Өнөр жайлык

011

Жогоруда көрсөтүлбөгөн башка капиталдык курулуштар же курулмалар

012

Киоск

013

Контейнер

014

Башка убактылуу жайлар

015

Бөлмө

016

Гараж

017

Курулушу бүтө элек объекттер

018

Үйдүн жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарбак участок жерлери

019

Айыл чарба багытындагы жер участоктору

020

Айыл чарба багытындагы эмес жерлер

021

Обочолонгон суу объекттери

022

Токой

023

Жогоруда көрсөтүлбөгөн башка турак-жай

024

Жогоруда көрсөтүлбөгөн башка конструкциялар
