# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-апрелиндегие № 151 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-июлундагы № 298 "Жеңилдик пенсиясы менен камсыздоого укук берүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызматтар менен көрсөткүчтөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-апрелиндегие № 151 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-июлундагы № 298 "Жеңилдик пенсиясы менен камсыздоого укук берүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызматтар менен көрсөткүчтөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 19.04.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.04.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158159>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2726/edition/1056174/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158159.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.04.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-апрелиндегие № 151 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-июлундагы № 298 "Жеңилдик пенсиясы менен камсыздоого укук берүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызматтар менен көрсөткүчтөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (19.04.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158159

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 19-апрели № 151 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-июлундагы № 298 "Жеңилдик пенсиясы менен камсыздоого укук берүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызматтар менен көрсөткүчтөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мунай өнөр жайынын кызматкерлеринин социалдык кепилдигин камсыздоо максатында, "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-июлундагы № 298 "Жеңилдик пенсиясы менен камсыздоого укук берүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызматтар менен көрсөткүчтөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген эмгек шарттары өтө оор жана өтө зыяндуу жумуштарда иштегендиги үчүн жеңилдетилген шартта курагы (карылыгы) боюнча пенсия алууга укук берүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызматтар менен көрсөткүчтөрдүн № 2 тизмесинде:

- "Химиялык өндүрүш" X бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүмчө менен толукталсын:

"2110А060 6. Мунайды кайра иштетүүчү өнөр жай "Мунайды, газ конденсатын жана башка көмүр суутектерин, пиролиз күкүрт мунай азыктарын иштетүү; көмүр кычкылын жана күкүрт суутегин; парафин; мунай продуктуларына кошулмаларды; көмүртек кычкылын камтыган; күкүрттүү мунай өндүрүшү, электрди күчтөндүрүү жана суу кургатуу, турукташтыруу өндүрүшүндө жана ишинде толук жумуш күнү иштеген жумушчулар, жетекчилер жана адистер жана мунай өндүрүүчүлөр: 2110А06а а) Жумушчулар 2110А06а-11442 Автомобиль айдоочу (ассенизатордо иштеген) 2110А06а-12531 Термоизоляциядагы изоляциялоочу 2110А06а-12759 Кампачы 2110А06а-13788 Автомобиль кранынын машинисти 2110А06а-16081 Технологиялык түзүлүштөрдүн оператору 2110А06а-16085 Товар оператору 2110А06а-18549 Металл конструкцияларын чогултуу боюнча слесарь 2110А06а-19149 Токарь 2110А06а-19258 Өндүрүштүк жана кызматтык жайларды тазалоочу 2110А06а-19756 Электр газ ширетүүчү 2110А06а-19861 Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электр монтёру 2110А06б б) Жетекчилер жана адистер 2110А06б-20815 Башкы механик 2110А06б-21041 Башкы энергетик 2110А06б-21541 Өндүрүштүк бирикменин директору (башкаруучу) 2110А06б-22141 Кампа башчысы 2110А06б-22497 Инженер-лаборант 2110А06б-22659 Эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча инженер 2110А06б-24110 Механик 2110А06б-24680 Лабораториянын начальниги 2110А06б-24680 Саламаттык сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн начальниги 2110А06б-24945 Смена начальниги 2110А06б-25080 Товардык-чийки зат участогунун начальниги, электр жабдуулары жана электр менен жабдуу участогунун начальниги.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

У.А. Марипов
