# Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 139 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 88 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 139 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 88 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 09.04.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158156>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20857/edition/1108047/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158156.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 139 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 88 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158156

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 249 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ 2021-жылдын 9-апрели № 139 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 88 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 4357-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 88 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-пункту "республикалык бюджет" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык фондунун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттери жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар" деген сөздөр менен толукталсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жөнүндө жобо:

- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:

"2-1. Министрлик төмөнкүлөрдүн укук улантуучусу болуп саналат:

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин;

- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарын, ошондой эле турак жай, коомдук жана өндүрүш имараттарында жол берилген ызы-чууга, термелүү кыймылына жана үн изоляциясына коюлган талаптардын сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын;

- кайрылмандарды, баш калка издеген адамдарды (качкындарды) жана адамдарды сатуудан жабыр тарткандарды кабыл алуу функциялары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

У.А.Марипов
