# Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 138 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Котормо борборун түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 138 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Котормо борборун түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 138
- Кабыл алынган күнү: 09.04.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158154>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20856/edition/1179823/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158154.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 138 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Котормо борборун түзүү жөнүндө" токтому (12.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158154

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ 2021-жылдын 9-апрели № 138 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борборун түзүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21, 2022-жылдын 1-августундагы № 434, 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 185 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Котормочулук ишти натыйжалуу жөнгө салуу, расмий жана башка документтердин сапаттуу которулушун уюштуруу жана камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борбору түзүлсүн.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борбору (мындан ары - Борбор) жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Борбордун штаттык саны кенже тейлөө персоналын кошпогондо, 17 штаттык бирдик өлчөмүндө белгиленсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 185 токтомунун редакциясына ылайык)

4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Борборду туруктуу жайгаштыруу үчүн тиешелүү жай издеп тапсын, ишин техникалык жана коммуникациялык жактан тейлөөнү камсыздасын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге жүктөлсүн.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

У.Марипов

2-тиркеме

"235-тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Котормо борбору" мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маянасынын ӨЛЧӨМДӨРҮ

№

Кызматтардын аталышы

Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом менен)

1

Директор

19000

2

Директордун орун басары

18500

3

Эксперт

17000

4

Финансы боюнча адис

15000

5

Кадрлар жана иш кагаздар боюнча адис

15000
