Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Котормо борборун түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ 2021-жылдын 9-апрели № 138 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борборун түзүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21, 2022-жылдын 1-августундагы № 434, 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 185 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Котормочулук ишти натыйжалуу жөнгө салуу, расмий жана башка документтердин сапаттуу которулушун уюштуруу жана камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борбору түзүлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борбору (мындан ары - Борбор) жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Борбордун штаттык саны кенже тейлөө персоналын кошпогондо, 17 штаттык бирдик өлчөмүндө белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 185 токтомунун редакциясына ылайык)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Борборду туруктуу жайгаштыруу үчүн тиешелүү жай издеп тапсын, ишин техникалык жана коммуникациялык жактан тейлөөнү камсыздасын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
У.Марипов
2-тиркеме
"235-тиркеме
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Котормо борбору" мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маянасынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
№
Кызматтардын аталышы
Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом менен)
1
Директор
19000
2
Директордун орун басары
18500
3
Эксперт
17000
4
Финансы боюнча адис
15000
5
Кадрлар жана иш кагаздар боюнча адис
15000
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борборунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 07.06.2021 · № 21
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Котормо борбору жөнүндө" жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 138 токтомуна)Положение · 09.04.2021 · № 138
- Кыргыз Республикасынын Министрелер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 185 "Расмий жана башка документтерди сапаттуу которууну жана редакциялоону камсыз кылуу максатында…Постановление · 12.04.2024 · № 185
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик…Постановление · 06.04.2015 · № 197 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз…Постановление · 01.08.2022 · № 434 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомуПостановление · 07.06.2021 · № 21
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз…Постановление · 01.08.2022 · № 434 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.