# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 134 "Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 134 "Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 134
- Кабыл алынган күнү: 08.04.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158150>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20852/edition/1142783/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158150.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 134 "Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (30.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158150

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 182 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ 2021-жылдын 8-апрели № 134 Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жана материалдык дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 23 "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калкынын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 13 "Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жободо:

- 9-главасы күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 489 "Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

- эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

"- саламаттык сактоо уюмдарынын техникалык тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарына 1,4 коэффициенти колдонулат.";

2) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:

- эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"- саламаттык сактоо уюмдарынын кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарына 1,4 коэффициенти колдонулат.".

4. Баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын үй-бүлөлүк дарыгерлеринин жана жалпы практикадагы дарыгерлеринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 13 "Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө" токтомунун тиркемесинин 3-пунктуна ылайык каралган базалык маяналары 2021-жылдын 1-апрелинен тартып колдонулаары белгиленсин.

5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү караштырсын.

6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.

8. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирүүчү ушул токтомдун 4-пунктунан тышкары, 2021-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

У.Марипов

Тиркеме

Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин базалык маяналары (квалификациялык категория эсепке алынбаганда)

№

Кызмат орундарынын аталышы

Базалык маяна (сом)

1

Мекемелердин жетекчилери

9300

2

Баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын үй-бүлөлүк дарыгерлерин жана жалпы практикадагы дарыгерлерин кошпогондо, врачтардын персоналы

7500

3

Баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын үй-бүлөлүк дарыгерлери жана жалпы практикадагы дарыгерлери

10000

4

Орто медициналык персонал

6500

5

Башка персонал (административдик-башкаруучулук)

7500

Эскертүү: Квалификациялык категория үчүн үстөк акы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:

- жогорку квалификациялык категория - 50 пайыз;

- I квалификациялык категория - 30 пайыз;

- II квалификациялык категория - 10 пайыз.".
