# Самаркандек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 8 "Самаркандек айылынын Орто-Сай участогуна айыл статусун берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Самаркандек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 8 "Самаркандек айылынын Орто-Сай участогуна айыл статусун берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 04.03.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158147>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20849/edition/1137135/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Самаркандек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 8 "Самаркандек айылынын Орто-Сай участогуна айыл статусун берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому (04.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158147

---

САМАРКАНДЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Самаркандек айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы

2022-жылдын 4-марты № 8 Самаркандек айылынын Орто-Сай участогуна айыл статусун берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гапаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Самаркандек айылдык кеңешининин V чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы Токтом кылат:

1. Самаркандек айылынын Орто-Сай участогунун жашоочуларынын 2022-жылдын 22-февралындагы жыйынынын № 1 протоколунун чечимине ылайык Орто-Сай участогуна айыл статусун берүүгө макулдук берет.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

Төрага:

М. Тулаев
