# КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 127 "Кыргыз Республикасында экологиялык коридорлорду уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 127 "Кыргыз Республикасында экологиялык коридорлорду уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 01.04.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.04.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158145>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20848/edition/1063839/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158145.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.04.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 127 "Кыргыз Республикасында экологиялык коридорлорду уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (01.04.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158145

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 1-апрели № 127 Кыргыз Республикасында экологиялык коридорлорду уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын мейкиндиктик байланышын камсыз кылуу үчүн алардын тармагын өнүктүрүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу, биологиялык түрдүүлүктү сактоо, жаныбарлардын табигый миграция жолдорун жана өсүмдүктөрдүн таралышын коргоо максатында, "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-1-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасында экологиялык коридорлорду уюштуруу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 13-апрелиндеги N 33 жарыяланды

Премьер-министр

У.А. Марипов
