# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 126 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-августундагы № 482 "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 126 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-августундагы № 482 "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 126
- Кабыл алынган күнү: 01.04.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158144>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20847/edition/1056168/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158144.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 126 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-августундагы № 482 "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (29.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158144

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 1-апрели № 126 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-августундагы № 482 "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү өзгөргөндүгүнө, ошондой эле аткаруу бийлигинин мамлекеттик башкаруу органдарынын кайра уюштурулгандыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17 жана 25-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-августундагы № 482 "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктундагы "министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун" деген сөздөр "аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 4-пунктундагы "коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланышуу боюнча бөлүмүнө" деген сөздөр "маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

У.А. Марипов

Тиркеме

Коомдук кеңештер түзүлүүчү Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары

№

Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аталыштары

1

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги

2

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

3

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

4

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

5

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги

6

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

7

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

8

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

9

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги

10

Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги

11

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги

12

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги

13

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптештирүүнү өнүктүрүү мамлекеттик кызматы
