Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 „Кыргыз Республикасынын социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 11 сентября 2025 года № 578 "О Правилах выплаты Социальным фондом Кыргызской Республики при Кабинете Министров Кыргызской Республики средств пенсионных накоплений Государственного накопительного пенсионного фонда"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-09-11.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 578 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 1-апрели № 124 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 "Кыргыз Республикасынын социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Пенсиялык топтоо каражаттарын төлөп берүү механизмдерин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежесинде:
- 3-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- тандоо боюнча - курагы жана майыптыгы боюнча пенсияга укуктуу (ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн адамдардан тышкары) жана "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия чектөө үчүн кайрылган адамдарга;";
- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Мөөнөттүү пенсиялык төлөм ушул Эрежелердин 3-пунктунун үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн адамдарга тандоо боюнча жүргүзүлөт.";
- 6-1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган Эреженин 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом мурда мөөнөттүү пенсиялык төлөм белгиленген адамдарга карата колдонула тургандыгы белгиленсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
У.А. Марипов
Тиркеме
2-тиркеме
________________________________________ (Кыргыз Республикасынын ________________________________________ Социалдык фондунун ________________________________________ региондук органынын аталышы)
Форма Пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) төлөп берүү жөнүндө ЧЕЧИМ
Алуучу ___________________________________________________________________________________ (аты-жөнү)
Идентификациялык жеке номер (ИЖН):
Арыз катталган дата 20__-ж. "___" ____________ № _____________
1. Пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) төлөп берүү жөнүндө (керектүү вариантын
белгилеңиз):
Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары туруктуу жашоого кетип жатканыма жана жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсептелген пенсиялык топтоолор болгондуктан төмөнкүлөргө байланыштуу:
курагы боюнча пенсия чектелгенине;
майыптыгы боюнча пенсия чектелгенине;
ипотекалык кредит боюнча баштапкы төгүмдү каржылоо зарылдыгына (банктын реквизиттерин көрсөтпөстөн)
сом;
оорусуна байланыштуу жана медициналык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө жана дары-дармектерди сатып алуу зарылдыгына;
камсыздандырылган адам каза болгонуна (мураскорго).
Пенсиялык топтоо каражаттарын төлөө: _________________________________________________________ ________________________________________________________________________ өлчөмүндө чектелсин. (цифра жана сөз менен, сом өлчөмүндө, анын ичинде) Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы: ___________________________________________________________________________________________ (цифра жана сөз менен, сом менен) эсептелген инвестициялык киреше: ____________________________________________________________. (цифра жана сөз менен, сом менен)
2. Төлөө мөөнөтү:
1) Топтоо бөлүгүндө эсептелген пенсиялык топтоо каражаттары (керектүү вариантты белгилеңиз):
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 578 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду…Постановление · 11.09.2025 · № 578
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Правила · 24.10.2012 · № 745 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 578 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду…Постановление · 11.09.2025 · № 578
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон…Постановление · 24.10.2012 · № 745 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон